Шарабидин Токтосунов, Садыр Жапаровдун адвокаты:»Мыйзамсыздыктын мыйзамсыз чечими чыкты»

Садыр Жапаров. 2-август, 2017-жыл

Мекенчил, элдик уул Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырганына нааразы болду. Садыр Жапаров актала турган жерден акталбай калганын ичи ачышты. Акталат деген үмүттөрүнө суу сепкен жагдайды мындайча тшүндүрдү: Бүгүн мыйзамсыздыктын мыйзамсыз чечими чыкты. Буга чейинки отурумдарда өз сөзүбүздү курулай эмес, видеотасмалар жана бардык далилдер менен тастыктап бердик. 7-июнда соттордун үстүнөн караган тартип комиссиясы «ишти экинчи инстанцияда кароо учурунда судья Жаңыл Мамбеталы тартип бузган» деп таап, аны жазалап атат. Бирок бүгүнкү сотто биз «кыргызча билбейт» деп каршылык көрсөткөн мамлекеттик айыптоочу келип, эки-үч сөз сүйлөдү. Сот мурдагы чечимдерди күчүндө калтырып койду. Биздин канча деген далилдерибизди мына ушул эки сүйлөм менен жокко чыгарышты. Бул соттор түп-тамырынан бери жоюлмайынча, Кыргызстанда адилеттик болбойт.




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *