Ала качуу —  бул кыргыз элинин каада-салты эмес, тескерисинче оор кылмыш болуп саналат

Похожее изображение

Ала качуунун аркасынан кайгылуу өлүмгө учураган Бурулай Турдаалы кызынын оор тагдыры эле азыр коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салбастан кыргыз элинин каада-салтына жатпаган ала качуу илдети эки кылымдан бери коомчулукту дүрбөлңнгө салып келе жатат.  Мен учурунда түзүлгөн тарыхый ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып өлкөгө белгилүү жазуучулар Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Төлөгөн Касымбековдон ушул ала качуунун келип чыгуу себептерин сураган учурларым болгон. Мен ошол  жаш кезимде эле ала качуунун  кайдан келип чыкканына кызыгып келген элем.

Ошондо жогорудагы аты аталган кыргыз элинин тарыхын изилдеген улуу улуу жазуучулар ала качуунун кыргыз элинин каада-салтына кирбей тургандыгын бирдей көз карашта айтышкан болчу. Түгөлбай Сыдыкбеков атабыз мага бул илдеттин 1830-жылдары пайда болгонун айтканы эсимде. Анткени ал кишини мен КДК нын бир жыйынынан кийин Казат Акматовдун айтуусу боюнча Дзержинский Бульвардагы үйүнө  жеткирип барган  элем. Ошондо ушул суроолорду берип сүйлөшүп барган элек.  Көрсө бул мезгилге чейин кыргыз элинде «кыз ала качуу» деген түшүнүк да жок экендигин ошол улуу адамдар ырасташкан эле. Кыргыздар кыздарын ала качырбастан алдына түшүп барып сөйкө салып куда болуп, анан каада-салт менен кызды барчу жерине бир чети салтанаттуу же кайгыруу жолу менен кошок кошуп узатып келгенин тарыхтан билип келдик.

Эл аралык институттардын жана эксперттердин изилдөөсүнүн натыйжасында Кыргызстанда жылына 16. 000 миңге чукул кыз ала качууга кабылып,  алардын жарымынан көбү ажырашып, далайы зордук-зомбулукка учурап, кээси асынып өлгөн учурлары да кездешип келет. Эми минтип ала кача албай калган кыздарды бычактап өлтүрө башташты.

2011-2013-жылдардын аралыгында Акыйкатчы институтунун демилгеси менен ала качууну токтотуу максатында катуу аракеттерди көргөн элек. Ала качкан кыздарды кайтарып алуу боюнча жер-жерлерде атайын штабдар түзүлүп, милиция бөлүмдөрү катуу иштеп, күнү-түнү иштөөчү телефондор орнотулуп жана ушул иштердин баардыгы массалык маалыматтар аркылуу коомчулукка жетип турган болчу.

Мына ушундай аракеттердин натыйжасында бир эле жылдын ичинде ала качуу эки эсе кыскарып, жазалоо мыйзамы күчөтүлүп катуу аракеттер көрүлгөнүн коомчулук билет. Акыйкатчы институтунун катышуусу менен алты адам сот жообуна тартылып алды сегиз жылга чейин кесилген эле. Ушул иштердин башында бардык иштерди жөнгө салып, алгачкы демилгечи болуп Акыйкатчы институту турганын коомчулук билет.

Бирок беш жылдан бери бул иш Акыйкатчы институту тарабынан колго алынбай такыр эле унутулуп калганы  өкүнтөт. Азыркы Акыйкатчы болсо ала качууга каршы күрөшүүнү унутуп салганына уялбай, Бурулайдын кайгылуу өлүмүнөн кийин эч натыйжасыз кайрылуу кылымыш этүү менен чектелди.

Кыргыз коомчулугу да бул ишке көңүл кош мамиле кылып келгени өкүнтөт. Эки тарап өз ара сүйлөшүү жолу менен чечип, ала качкан адам жоопкерчиликке тартылбай, укук коргоо органдары буларга тилектеш болуп жаткандыгы маселени чечүүгө жолтоо болууда. Акыркы беш жылда  ала качууга катышкан бир да адам иш козголгону менен сот тарабынан мыйзамдуу жазасын албагандыгы өкүнтөт. Ошентип татыктуу жазасын албаган адамдар бул кылмыш ишин жасоону ийгиликтүү улантып жатышат.

Укук коргоо жана сот органдары буга жоопкерчиликтүү карап мыйзамдын гана күчү иштеши зарыл.  Эгерде ички иштер бөлүмүнүн  кызматкерлери жоопкерчиликтүү болуп мыйзамдуу аракет кылганда Бурулай  мындай кайгылуу өлүмгө туш болбой, өзү сүйгөн жигитине баш кошуп бактылуу жашамак.

Жогорку Кеңеш дагы  Акыйкатчынын бул багытта жасалып жаткан иш-аракеттерин угуп, тиешелүү жыйынтыгын чыгарышы зарыл. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеш үч жылдан бери Акыйкатчынын адам укугу жана эркиндиги боюнча докладын укпай  создуктуруп келе жатканы өкүнтөт. Ошентип Жогорку Кеңеш өзү мыйзамды бузуп, өз ыйгарым укугун аткарбай адам укугунун ишине кайдыгер карап келет.

Акыйкатчы болсо Жогорку Кенештин алдында үч жыл убакыттан бери адам укугуна жана эркиндигине байланыштуу докладын бере албай  «ооруп калдым» деген шылтоо менен Парламенттен качып жүрөт.  Эгерде Акыйкатчы институту жана Жогорку Кеңеш адам укугун коргоо маселесинде биргелешип аракет кылганда миңдеген адамдардын укугун коргоп, кайгылуу көрңүштөрдү  алдын-алып калууга толук мүмкүн болоор эле.

Дегеле, кыз ала качууну болтурбоо, биротоло жоюу жана алдын-алуу үчүн мамлекет тарабынан атайын ар-тараптуу иш-чара иштелип чыгып, аны иш жүзүнө ашыруу үчүн коомчулуктун калың катмарын тартышыбыз керек.

Кыскасы Бурулайдын өлүмү баарыбызга сабак болушу керек. Анын жана ал сыяктуу жабыр тартып келген  миндеген кыз-келиндердин оор тагдырына баарыбыз күнөөлүүбүз. Биздин болуп көрбөгөндөй кайдыгерлигибиз ушундай кылмыштардын жасалышына себепкер болууда.

Мындан мамлекет жана коомчулук тиешелүү жыйынтык чыгарышы учурдун талабы.

Болбосо бул кылмыш коомду жана улутту чырмап, мыйзамсыздык өкүм сүрүп, бул илдетке кабылган кыргыз улутунун кыздарынын жана ата-энесинин көз жашы тыйылбай, демократиялык жана укуктук коомду куруунун негизине доо кетип, алдыда чоң апаатка кабылаарыбыз турган иш.

 

Борбордук Азия мамлекеттериндеги 

адам укуктары боюнча

Конгресстин координатору                                          Турсунбек Акун




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *