Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун эжеси акчамды бербей качып жүрөт

2017-жылы майда мени Бишкектин Ак Ордо жаңы конушунан жер участогун сатып ал деп алдап, 370 миң сомумду алып кеткен бойдон качып бербей жүрөт.
Учурда КРнын КЖКнин 166-ст. 2б. 3п. менен жазык иши козголуп, Калчаева тергөөдөн качып кеткендигине байланыштуу айыбы сырттан угузулуп, Калчаеваны камакка алуу тууралуу токтом кабыл алынып, ага издөө жарыяланган.
Мени алдаганга чейин Айнагүл Калчаева Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеп жүрүп, кызматынан пайдаланып, эки жаранды балдарын окууга өткөрөм деп олуттуу өлчөмдө акча алдап алып кеткендиги тууралуу КР КЖК 166 ст. 2 б. 3 п. менен айыпталып сотко келбей качып кеткендигине байланыштуу Ленин райондук соту тарабынан А.Д. Калчаеваны камакка алуу тууралуу токтом кабыл алынып издөө жарыяланып жүргөн.
Жогорудагыдай иштерин билип туруп тележурналист Жылдыз Муслимова менин жеңем болот Айнагүл деп мага жоолуктуруп койгон. Ишенбесеңер мен гарант болуп берейинчи деген болчу. Бизди Айнагүл Калчаевага жоолуктурганы үчүн Айнагүл Калчаевадан акысына 10 миң сом алгандыгын да Калчаева Айнагүл өзү айтып берди мага.
Баласы Азат Ишеновго телефон чалганымда «Менин чатагым жок, ага бере турган акчам да жок, билгениңди кылып ал » деп орой жооп берди. Мен анын уулунун ушул жообунан кийин Айнагүл Калчаевнанын үстүнөн арыз жазганга аргасыз болдум.
Жылдыз Муслимова бир нече жолу Айнагүл бербесе мен берем эмне эле ызы чуу болуп атасыңар деп соороткон болчу. Чынында бизге акча бермек турсун азыр телефон чалууларыбызга да жооп бербей качып калды.
Айнагүл Калчаеванын мага берген «Доверенносту» болсо 2011 жылы Юстиция Министрлиги тарабынан ишмердүүлүгү токтотулган Молдокулова Нинакан дегенге таандык нотариустан экен. Мага жасалма ишеним кат алып келиптир.
Эми Муслимованы эже сиз болбосоңуз бул азапка кабылбайт элек, акчаны алганга жардам кылыңыз десек ал да четке чыга берди.
Кыскасы 1 жыл болду бул экөөнүн мага ар кандай жомокторду угузуп келе жаткандарына. Милиция болсо санкция алып, издөө жарыланган, бирок таба албай жатышат. Эми айласыздан коомчулукту жардамга чакырайын деп чечтим. Жол, белден кокус ушул аялды көргөн болсоңуздар кабарлап койсоңуздар !
Кошумча маалымат: Кочкор районунун Кара Суу айылынан, 1956-жылы туулган. Бир Бол партиясынын мүчөсү, Акылбек Жапаровдун жакын тууганы, Күйөөсү Бейшен Ишенов деген , азыр жашабайт Калчаева менен. 

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, акыбалды түшүндүрдүк. Сиздин атыңызды көп жолу кайталаган Айнагүл эже, тууган экенсиздер, ушул маселени чечип бербейсизби десек «Мага бул маселе тууралуу кайрылбагыла, мен жардам берип жүрүп тажадым. Эми болду. Ал эми ММКларга менин атымды кошуп жазсаңар сотко берем»-деди депутат.

Шамил Жалилов

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *