Күнөөлүү адамдын аты жөнү ким ?

Бишкек ЖЭБиндегеи авариянын аркасында биз бир эле коррупционерлерди гана билбестен, коррупционерлерге адвокат болгон эл өкүлдөрү тууралуу да маалыматтуу болуп калдык. Бул иштин аягы келип, келип эле Атамбаевге такалып жаткандыгын депутат Наталья Никитенко айтса, ошол эле убакта депутат Рыскелди Момбековдун уялбай туруп «жесе бир аз жешиптир, кыргыздарга боло берет. ЖЭБиңер ордунда турат го !»- деген сөзүн айтты. Асель Кодуранова болсо Атамбаевдин кытай кредитин алуудагы күнөөсүн парламентте сөз кылышса уялып кетип аткандыгын айтса, Камчыбек Жолдошбаев акча жыйнап өзүбүз эле төлөп салалы деп айтты.  Айтор түрдүү түмөн сөздөрдү айтып жатышат, бирок кандай чечим кабыл алынат али белгисиз.

Менимче бул жерде  Атамбаевдин жактоочу, актоочулары Сапар Исаковдун артына тизилип жатышкан сыяктуу. Арасында азыркы президентке азуусун көрсөтө калып жаткандары да жок эмес. Коррупция менен күрөшүү компаниясына саясий боёк сүртүүгө далалат жасаган депутаттар, мурунку премьерлер толтура экен.

Ачык эле көрүнүп турат. Бул кытай кредитин албоосун өтүнгөн ТИМдин каты да бар экен. Суверенитетке доо кетирет, төлөөгө кийин мүмкүнчүлүк болбой  калат деп какшап жатса да бул ишке барган адам ким болот ? Ал адамдын аты жөнү ким ? Болбосо булар бир нече адамдан турган топпу ?

Жазасын берүүгө бийликтин кубаты, духу жетеби ?  Муну бизге убакыт көрсөтөт. Болуп аткан окуялардан алдыга кетпей бир аз күтө туралы .

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *