Коррупция менен катар эле башка көйгөйлөрдү да чечиш керек

1.Саясий куугунтуктагыларды кандай тагдыр күтөт ? Президенттин ушул маселедеги кадамынан улам анын кандай маанайдагы адам экендигин билебиз дегендер арбын.

2. Тышкы саясатта көз карандысыздыкка умтулабы ? Кыргызстан үчүн ыңгайлуу позицияны алганга саясий эрки жетеби биздин бийликтин.

3. Өнөр жайын чет элдик инвесторлорсуз, ата мекендик ишкерлер менен биргелешип иштетүүгө кызыкдарбы ?

4. Кадр саясатында кыргыз улутунун кызыкчылыгын, коопсуздугун  сактай турган кадамдарды жасайбы.

 

Ушул сыяктуу ойлорду ар бир Кыргызстандын патриот жараны биздин президентибизден күтсө керек. Эгер бул багытта иш алып барса, анда колдоочулары миңдеп эмес миллиондоп саналмак. Коррупция менен күрөшүү да керек албетте, бул мамлекетти соолута турган нерсе. бирок, ошол эле учурда эң негизги көйгөйлөрдү да көмүскөдө калтырбаш керек.

Кыргыз элинин жарымы миграцияда жүрөт. Аларды артка кайтарыш керек. Жумушчу орундарды түзүү жолу менен да, башка таянычтарды колдонуп да, айтор мамлекет алардын кайтып келиши үчүн баарына барышы керек. Мамлекеттин кубаттуулугунун негизги символдорунун бири — бул адам ресурсу. Бул негизги көйгөй.

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *