Жылуулук электроборборун модернизациялоодогу кыңыр иштин учугу табылгансыды

Жылуулук электроборборундагы аварияга байланыштуудепутаттык комиссиянын отчётун угуу үчүн парламентте отурум болуп өттү. Бул отчёттун корутундусунда көп атка минерлердин фамилиялары аталды, бирок отурумга келгендери мурунку үч премьер-министрлер гана болду.  Бул жолу эл өкүлдөрү эч кимди аябай жоопкерчиликке тартканга белсенип калышкандай түрү бар. Анткени президент тараптан колдоо бар. Бирок ошондой болсо да укук коргоо органдарынын парламент чечимин ишке ашырып беришинен күмөнсүгөн депутаттар да жок эмес.  Эгерде аткаруу бийлиги парламенттин чечимин колдобосо, өкмөттү курамы менен отставкага кетиребиз деген ойду да айтышты.

Мындай ойдогу депутаттарды кээ бир эксперттер популисттер деп атады. Кийинки отурумду 16-майга белгилешти. Боло турган отурумда ЖЭБ на күнөөлүү деп эсептелген адамдардын дагы жаңы фамилиялары аталаарын комиссиянын мүчөлөрү эскертти.

Депутат Масалиевдин айткан сөздөрү ишке ашса, анда коррупция менен күрөшүү чынында эле болуп жатканына ынансак болот. Азыртан эле кимдир бирөөгө асылганга жана кимдир бирөөгө болушканга даяр экендигин билдирген чиновниктер болуп жатат. Бул алдыдагы болуучу парламенттин чечиминен соң болуучу айыгышкан күрөштөн кабар бергенсийт.

Баамыбызда чубалган кыңыр иштин учугу табылып калгандай, анын аягы кайда жана кимге  алып бараарына саресеп салып туралы.

 

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *