Эгерде генетика илимине ишенсек анда биз скандинавдар менен кандаш тууган экенбиз

Кыргыздарды Скандинавиялык викингдер менен кандаш тууган кылып чыгарган генетика илимине канчалык ишенсе болот. Бирок генетика илими өзүнүн тактыгы менен таң калтырат, жана факт деген өжөр нерсе эмеспи. Биздин каныбызда арийлердин  R1 a1 канынын с проценти өтө жогору болуп 64 % түзөт. Муну менен кыргыз улутунун минималдуу жашы 40 кылымды түзөөрүн айтышкан, б.а. 4 миң жылды.

Дүйнө элдеринин окумуштуу генетиктери, тарыхчылары эмнеге R1a1 деген гаплогруппага мынчалык басым жасайт ? Бул арийлердин каны деп эсептелген кандын гаплогруппасы бир гана кыргыз менен байланышы бар гана элдерде концентраты болот экен.

Кыргыз-норман дегени эмнени билдирет ?   Ман дегени кишини билдирет, ал эми нор — бул нур. Нурдан жаралган киши кыргыз экен. Ошондуктан нур жүздүү болушат экен. Манасты да скандинавттардын тилинде деп эсептешет. Ман-ас асман кишиси. 6-7 кылымдарда Европага өрт чачып жүрөктөрүнүн үшүн алган викингдер кийин талаа викингдерине айланышып Евразия мейкиндигинде кайык эмес ат менен саякаттап турушкан . О дүйнөгө кетер алдында викинг Один деп кыйкырып өлгөн экен, башкача айтканда О дүйнө ! деп. Эгерде викинг болбосок, Толкун, Бурганак, Деңиз деген адам аттары кайдан бизде ? Сууда сүзгөн кайыктын аттары  ар бир деталына чейин каяктан билебиз анда : калагы, илеби, түбү, капталы, арты, тумшугу, желеги, арканы, чалып байлоо, күрмөп байлоо чие байлоо, түйүп улоо дегендер кайдан бизде ? Эгерде викинг болбосок кыргыздарда эч кайсы улутта жок жашыл көздөр кайдан ?  Жаш балдарындагы өрүлгөн айдар чач, маңдайдагы көкүл, тишке кал салуу, денеге кал салуу(татуировка) кайдан бизде ? Эри өлгөндө аялы бетин тытып ыйлоо кайдан бизде  эгерде викинг болбосок ? Адам өлгөндө катуу бакырып ыйлоо(өкүрүү), жылкы союп жеш кайдан бизде эгерде викинг болбосок ? Валькирия сыяктуу баатыр кыздарыбыз кайдан бизде( Жаңыл мырза, Кыз Сайкал) эгерде викинг болбосок ? дегендей суроолор туулат .

Бул жомокпу же бир окумуштуулардын адашкан сөздөрүбү өзүңүздөр талдаңыздар .

Жалилов Шамил

 

 

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *