Түндүк-түштүккө бөлгөндөргө катуу чара көрүлөт !

Президент Сооронбай Жээнбеков элди «түндүк-түштүк» деп бөлгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Ал Ысык-Көл облусунда 3-майда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда бул маселени атайлап козутуп жаткан чагымчыл топтор бар экенин айтты.

Кийинки убакта айрыкча социалдык тармактарда өкмөттүн жаңы курамы, президент дайындаган аткаминерлердин жердиги тууралуу талаш-талкуу көбөйгөн. Серепчилер кыргыз саясатында аймактык жагдай маанилүү экенин белгилешет.

«Кландык башкарууга жол бербейбиз»

Президент Сооронбай Жээнбеков «түндүк-түштүк» маселесин Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда сөз кылды. Анда кийинки мезгилде “Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат” деген пикирди коомго сиңирүү аракети күчөп жатканын, мындай башкарууга жол бербей турганын айтты:

— Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт! Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт.

Булак: «Азаттык»




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *