Эркин мамлекеттүүлүктүн баасы

Биздин эгемендүү Кыргызстан заматта эле 1991-жылы пайда боло калган жок. Кыргыз мамлекети саткынчылыкты көрдү, кан суудай аккан согуштарды көрдү, туусу жыгылып, эли чилдей таркаган учурлары болду. Кыргыз эли 1867-жылы мамлекеттүүлүгүнөн ажырады. Ал мамлекетти биз өзүбүз ар кимге жармаштырып, танганыбыз менен башка элдер кыргыздардын эле мамлекети деп жазышат экен. Биз ал мамлекетти тансак ата бабалардан танган болобуз. Андан 1917-жылга чейин колониалдык эзүүнүн катуу запкысын көрдү. Андан кийин бир аз башкача формага өткөнү менен дагы эле боштондук ала алган жок кыргыз эли. Совет бийлигинин шылтоосу менен элдерди тапка бөлүп жарымын кырып, кыңк этпей баш ийгенин гана калтырып анда бир өксүттү. 1941-1945 жылдардагы согуш апааты 300 миң жоокерден 150 миңин мойсоп кетти. Бул кыргыздар үчүн өтө чоң жоготуу болду.

Кайра куруунун шарапаты менен СССР деген монстр держава таркап, кудайдын кудурети менен кыргыздын үнү кудайга жетип эгемендик алдык. Андан бери 27 жыл өттү. Ал жылдардын баары эле Кыргызстан үчүн өнүгүүсү эффективдүү болгон жок. Кремль дагы эле биздин моюнубуздан кулдуктун чынжырын алган жок, тымызын өз адамдарын бизге президент кылып жиберүү менен ырыскыбызды алдыртан кыйып турду. Кыргызстан агрардык-индустриялдык мамлекет болчу, анын баарын 15 жыл ичинде жылас кыла турган саясатты киргизип,  өз өлкөбүздү өз колубуз менен талкалатты. Кыргыздардын ортосундагы регионалдык бөлүнүүнү атайын кызматтын адамдары аркылуу аябай күчөттү, булар аны кадрдык маселе аркылуу козутуп атышты. Эки жолку улут аралык согуш чыгарышты. Муну кем акыл, анча мынчаны эрен төрөн албаган эле  адам байкабай калбаса, билинип эле турат кимдер уюштурганы. Мындайда аларга улуттун саткындары , душмандары жардамга келип жатты албетте.

Кыргызстандын азыркы акыбалы бизди кыйратуучу саясаттын үчүнчү стадиясына келип калды. Миграция болуп көрбөгөндөй күч алды, кудай сактасын эгерде бир нерсе болсо, солдат боло турган балдардын баары Россияда жүрөт. Республиканын экономикасынын кабыргасын сындыра турган Бажы Уюмуна мүчө болуп кирди. Реэкспорт дароо токтоп, базарлардагы соода кылган элдер ишсиз калды, тигүү цехтери дээрлик 90 % кыскарды. Импорттун саны кескин көбөйдү, тышкы карыз ушуга чейинкиси бир тең, акыркы беш жылдагысы бир тең болуп калды. Бюджеттин дефицити 27 миллиард сомго жетти, Тышкы кары 4 миллирадды чапчыды. Бул деген биздин суверенитетибизге болгон сокку . Коңшулаш Кытай мамлекетинен карызыбыз 1 млрд 400 млн. доллар экен. Муну алар эч качан кечпейт жана төлөө мөөнөтүн да узартпайт экен. Ал аз келгенсип бул карызды алуунун шарты кытай мыйзамдары менен болгон экен. Карызды өз убагында төлөй албасак биздин Кыргыз жерин эмне деген тагдыр күтүп турганын эч ким билбейт экен жана бул жааттагы адистерибиз да жок экен. Жарыктык экс президентибиз жана өкмөтүбүз бул карызды эмнеге негиздеп алышты экен.

Учурда жаңы шайланган президентибиз мамлекетти ушундай акыбалда өткөрүп алып атат. Эми анын алдында талыкпай эмгектенүү, кирпик какпаган ойлор, мамлекеттин аянычтуу тагдыры, миллиондордун жалдырап жардам сураган көздөрү турат. Биздин атка минерлер менин айылымдан эч ким министр болбой калды, мен иштебейм, мен ишенбеймди азыр такыр жок кылыш керек. Азыр баарынан мамлекет кымбат, азыр баарынан эркиндик кымбат. Мансап үчүн бири бирибюиз менен тытыша берип таркап, экиге бөлүнүп мамлекет боло албайбыз эч качан. Кошуна мамлекеттер ап этип сугунуп алат. Ансыз да биздин жерлерге көз артышып, ыкыс беришип араң турат. Биригели түндүк, түштүк дебей !  Кыргызстаныбызды, суверенитетибизди сактайлы ! Аман болсо бийлик , мансап бир күнү болбосо бир күнү тийет эңсегендерге.

Көзүңөрдү ачкыла, эркиндик үчүн Украиндер эмнеге барып, эмне болуп жатышат, грузиндер эмне болушту эле. Улуттун ар намысын сактайлы . Эркиндиктин баасын билели. Бул биздин эркиндигибизде ата бабалардын мээнети, жоокерлердин каны, энелердин көз жашы бар, аны ыйык сактап коргойлу. Ушул эгемендүү күндү эңсеп далай улутташтарыбыз жетпей калышкан бул күнгө. Бирок, ушул күн келээрине ишенип күрөшүшкөн, умтулушкан. бизге азыр ал мезгилге караганда алда канча оңой болуп калды. Эркиндигибиз колубузда, мамлекеттүүлүгүбүз бар. Бир гана ичтен ириткен мансапкор, трабалист, коррупционерлер менен аёсуз күрөш алып барсак баарын жеңебиз. Карыз да, башка көйгөй да чечилет. Болгону ынтымак болуу керек.

 

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *