Текебаевдин иши: саясат жана мыйзам

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын караган консилиум ага кошумча медициналык текшерүү дайындоо жөнүндө тыянак чыгарды.

Улуттук кардиология борборунун башкы дарыгери ошондон кийин гана аны абактан сырткары дарылоо боюнча чечим кабыл алына турганын билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болсо азырынча Текебаевди сырттан дарылоого зарылдык жоктугун, тиешелүү кароо мекеменин ооруканасында жүрө турганын жарыялаган.

Өкмөт башчы Текебаев отурган камеранын ичиндеги видео байкоону алып салууга буйрук берди. Саясатчынын саламаттыгы, ага видео көзөмөл коюп, өзү жана тарапташтары айткандай «моралдык кысымга алынган» абалы туурасында саясий чөйрөдөгү талаштар кайым айтышууга чейин жетти.

Эки ача пикирлер

Улуттук кардиология борборунун башкы дарыгери Бишкектеги №47 абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын текшерүү максатында алынган анализдердин негизинде дарыгерлердин консилиумунун баштапкы тыянагы чыкканын билдирди.

Анын айтымында, азырынча саясатчыга №47 абакта дарылануусун уланта берүү жана ага дагы бир кошумча медициналык текшерүүнү дайындоо сунуш кылынган.

Башкы дарыгер Айнагүл Жумагуловажыйынтыктоочу медициналык корутунду кошумча текшерүүлөр бүткөндөн кийин чыгарын айтты:

Консилиумдун тыянагында да кошумча текшерүү керек экени белгиленди. Биз анда «врач-невропатологдун консультациясы керек жана анын кан тамырларын текшериш керек» деп сунуш бергенбиз. Ал текшерүүлөр бүгүн жүрүп жатат. Ошондон кийин невропатологдун кароосу болуп, анан соңку жыйынтык чыгат. Мунун баары бейтаптын саламаттыгы үчүн жасалып жатат. Буюрса жыйынтыктоочу тыянак объективдүү болот.

Бирок ЖАМКтын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова дарыгерлердин консилиуму чыгарган тыянак боюнча Улуттук кардиология борборунун башкы дарыгеринин айтканынан айырмаланган маалымат берди. Анын айтымында, аталган тыянакта саясатчы Өмүрбек Текебаевге абактан сырткары дарыланууга муктаждык жок экени көрсөтүлгөн. Элеонора Сабатарова саясатчыны дарылаш үчүн №47 абак жайында тиешелүү шарттар бар экенин кошумчалады:

«Мекеменин өзүндөгү эле ооруканада дарылануусун уланта берсе болот» деген чечимди жөнөтүшүптүр. Демек, ал мекеменин ичинде эле дарыланат экен. Бул ошол консилиумдун жыйынтыгы. Дарыгерлер консилиумдун жыйынтыгы боюнча №47 мекеме өзү оорукана экени жана анда тиешелүү дарыланууну өткөрсө болору, ошондуктан аны кардиологияга алып барып жаткыруунун зарылдыгы жоктугу көрсөтүлгөн. Биз андагы өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп эле дарыласак боло турганы чечилди.

Камерадагы видео көзөмөл

Парламентте «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаев отурган камеранын ичине видео байкоо орнотуп, анынбаскан-турганын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө ага карата моралдык-психологиялык кысым экенин айтты.

Алмамбет Шыкмаматов анын мыйзамсыз экенин айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды бул боюнча тез арада чара көрүүгө чакырды:

Баш мыйзамда, Саясий жана жарандык укуктар боюнча эл аралык укуктук пактыда адамдын өзүнүн макулдугу болмоюнча анын жаткан жерине эч качан видео камера орнотулбайт. Бул кыйноонун бир түрүнө кирет. Урматтуу прокурорлор, коопсуздукту антип коргобойт. Видео байкоону сыртка коюп, куралдуу күзөт эч кимди уруксатсыз киргизбей сыртынан кайтарат. Анан эми абактагы адамдын күндүр-түндүр баскан-турганын видео байкоого алуу деген — бул моралдык-психологиялык кысым.

ЖАМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү «видео байкоо анын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн орнотулган» деп жооп беришти. Бирок анын эркине каршы эмнеге камера ичине видео көзөмөл коюлганы боюнча суроо жоопсуз калды.

Ал эми парламенттин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутатыЗарылбек Рысалиев камеранын ичине видео көзөмөл орнотулганы боюнча «чуу» чыгып жатканына камтама болду:

Текебаев бүгүн ким? Ал депутаттык мандатынан ажыратылган. Бүгүн ал кадимки эле кылмышкер. Анткени бул боюнча соттун өкүмү чыккан. Эмнеге эле аны «баатыр» кылып жатасыңар? Ал чегерилген жаза мөөнөтүн өтөшү керек. Анан силер «анын ден соолугу, анын коопсуздугу» деп эмнеге эле кыйкырып жатасыңар? Эми ошол жерге видео камераны орнотуп койсо, ал видео байкагыч түндө Текебаевди сабап жатыптырбы?…

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов мурдагы ички иштер министри, ЖАМКтын мурдагы төрагасы адам укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардан жана эл аралык пактылардан түшүнүгү жок экенин сынга алды. Ал кимдир бирөөгө түрмөдө артыкчылык бериш үчүн эмес, Текебаевдин мисалында өлкөдө адам укуктары одоно бузулуп жаткан учур тууралуу кеп салып жатканын эскертти:

Зарылбек Рысалиев мыйзамдарды билбейт. Билбегени үчүн ушинтип айтып жатат. Текебаевдин мисалында биз «бардык жарандардын укуктары корголушу керек» деп айтып жатабыз. Текебаевдин мисалында «биздин Кыйноого каршы улуттук борбор ушундай фактыларга көз жуумп койбой чара көрүшү керек» дедик. «Абак жайларын караган адистештирилген прокуратура андагы мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөсүн» деп айттык. Бул жерде сөздү бурмалабаш керек! Биз «Текебаевге артыкчылык берилсин» деп талап кылып жаткан жокпуз.

Жогорку Кеңештеги мына ушундай кайым айтышуудан соң өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен Өмүрбек Текебаев отурган камерадагы видео байкоо алынып салынды.

Саясий иштерди териштирүү демилгеси

Ошол эле кезде парламентте саясий мүнөздө камалгандардын ишин кайра териштирип, аларды боштондукка чыгаруу демилгеси көтөрүлө баштады. «РАЖ» фракциясынын депутаты Талантбек Мамытов буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү парламенттин күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды:

Бүгүнкү күнү мыйзамсыз соттолуп, саясий себеп менен камакта жаткан адамдар көп. Алардын арасында саясий буюртманын негизинде саясаттын курмандыгы болуп ошол жерде отурган, кечээ эле биздин арабызда жүргөн депутаттар бар. Биз бул маселени сөзсүз карап чыгышыбыз зарыл. Ошондуктан биз парламентте депутаттык комиссия түзүүнү эртелетишибиз керек. Бул маселени биз, депутаттар, күн тартибине киргизип, анан добушка коюп, чечсек болот.

Ошол эле учурда коомчулукта саясий мүнөздө камалгандарды мунапыс менен бошотуу тууралуу талаптар да коюла баштады. Анткен менен «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов саясий туткундарды боштондукка чыгаруу мыйзамдын алкагында жүрүшүн туура көрүп, алардын ишин соттон кайра караш үчүн укуктук негиздер жетиштүү экенин билдирген.

Булак: «Азаттык»




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *