Элди алдагандан маселе чечилбейт

Шаардын көчөлөрүнө камера орнотуу жакшы дегилечи, бирок ал көчөлөрдөгү тыгынды, жол эрежелерин бузууну токтото алабы ? Менимче жок. Бул жөн гана өкмөттүн кезектеги популисттик шоусу. Анткени шаарыбыз кичинекей болгону менен машиналар салыштырмалуу көп, калктын саны да кудайга шүгүр көбөйүп баратат. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт шаарга «кольцевая автодорога» курушу керек, көчөлөрдүн кесилишкен жерлерине көпүрө «разводной мостторду» салышы керек, көчөлөр кеңейтилиши керек, машиналарды токтотуу үчүн «Парковка» куруусу керек. Ушул маселенин баарын камера коюп коюу менен чечебиз деп жатышса бул акылсыздык, ал эми камера коюу менен элди бир аз алаксытып , негизги көйгөйдөн алыстатабыз дешсе анда бул караөзгөйлүк. Камера фиксировать этсе деле, штраф салса деле, жолдогу пробка боло берет. Жол эрежесин бузуу боло берет, машиналарын тыюу салган жерге токтото беришет. Себеби, башка жол курулган жок, парковка жок. Ошондуктан бул акылдуу шаар деп, укмуштуу шаар деп канча долбоор түзүшсө деле баары бир кыла турган ишти кылыш керек качпастан. Метро курабыз дешет ?!  Жогоруда айтылгандар андан алда канча арзан бүтчүү иштер, ошого мойну жар бербеген өкмөт метро кура алабы ?

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *