Жогорку Нарын каскадындагы катылган геополитика оюну

Эксперттердин ою боюнча Камбар Ата ГЭСинин курулушу Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү мам.проект болгону менен кезектеги узакка созулуучу, ишке ашышы өтө кыйын проект.

 «РусГидро» компаниясынын башчысы Николай Шульгиндин ММК га билдиргенине караганда кыргыз тарап Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС курулушуна 40 миллион АКШ долларын коротушкан. Эгерде короткон каражатты Кыргызстан төлөп бербесе, анда алар эл аралык арбитражда чечишебиз дейт Шульгинов. Өз кезегинде биздин Улутук энергохолдинг  россиялык компаниянын бул позициясына түшүнбөй жатканын билдиришкен.

Кыскасы жөнөкөй тил менен айтканда Жогорку Нарын каскады Россиянын Өзбекстанды коркутуучу оюнчугу катары колдонулган экен. Себеби бул проектке бир да инвестор кызыкмак эмес, ГЭС курулуп ишке кирген күндө да өзүн өзү актайт беле ? Ал жерде жашоочулардын дарамети ошол ГЭСтен чыккан электр энергиясын колдонуп, төлөп берүүгө жетеби деген маселе турган болчу. Бул долбоор Россия тараптын геосаясий оюну болсо, биздин өкмөт тарабынан өз элин алдоо, курулай популизм болду.

Ошол жылы Орто Азия регионунун эки лидери — Каримов менен Назарбаев Ташкентте жоолугушуп, Биздин курула турган ГЭСибиз тууралуу маселе көтөрүлгөн. Эки президент тең Нарын трансчекаралык дарыя, анын табигый деңгээлин эч ким азайтууга акысы жок деп сүйлөшүшкөн. Анткени, ГЭС курулса суунун көбү суу сактагычка топтолот да , суунун агымы азаят.  Бул деген Фергана өрөөнүндөгү 4 млн. өзбек жарандарынын  жер иштетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо жана кургакчылык. Андан да коркунучтуусу тынчы жок деп эсептелген Фергана өрөөнүндөгү социалдык толкундоолор болгон.

Бул долбоорду финансылоо Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун  Путинге жоолукканынан кийин дароо токтотулган. Акыбалды түшүндүргөн соң Путин муну чечүүнүн жолдорун издейм деп жооп берген. Ошол учурдан баштап кризис, санкция деген шылтоолор башталды. Андан кийинки чех компаниясы менен болгон чуулгандуу окуялар, булардын баары  жөн эле өкмөткө иштеп аткан түр көрсөтүү үчүн болгон далалат болчу. Анын үстүнө ушундай саясий акыбалы бар өлкөгө бир да инвестор акча салбайт болчу, салган күндө да андан чыккан пайда жокко эсе болмок.

Камбарата-1 боюнча келишимдин денонсацияланышы премьер-министр Сариевдин убагында болгонун да эскерте кетели. Ушул маселеде анын жеке катышы бар экендигине да баа бериле элек.

 

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *