Чеченстандын президенти Владимир Путинди 80 ге чыкканча иштесин деп сунуш киргизди

Чеченстандын президенти  Рамзан Кадыров Владимир Путиндин президенттик ыйгарым укугун узартуу тууралуу сунуш кылды. Бул тууралуу бүгүн 13-апрельде  ал Интерфакска интервью берди.

Кадыровдун сөзү боюнча азыр РФ президентине альтернатива жок. Ошондуктан Путиндин ыйгарым укугун эки мөөнөттөн көп убакытка жылдырса болот имиш.

» Мен мамлекет башчынын башкаруу мөөнөтүн узартууну туура деп эсептейм, ошондой чечим кабыл алышыбыз керек. Эмне үчүн Кыта, Германия узарта алат да, биз анте албайбыз ?»-деп сурады ал.

Эл, Федерация кеңеши, башка дагы мамлекеттик институттар баары колдошот деп кошумчалады.

«Мен ишенем, элдер колдойт»-деп ишенимдүү айтты Чеченстандын мамлекет башчысы. Бирок бул сунуш баарынан мурда кошоматчылыкка көбүрөөк окшоп калды, себеби азыр В.Путин 65 жашта, эки мөөнөтүн өтөп бүткүчө 75 жашка чыгат. Анан 80 жашка келгенче Путинди президент болсун деген сунуш какшыкпы, кошоматчылыкпы, же шылдыңбы ?

 

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *