Тимошенко менен Порошенконун атаандаштыгы

Юлия Тимошенко менен Петро Порошенконун атаандаштыгы президенттик шайлоодо сыналат. Бирок өлкөдө Сергей Руденко деген дагы бир саясий фигура пайда болду.

Бир жылдан кийин, 2019-жылдын 31-мартында Украинанын президенттигине шалоо болот. Эң негизги претенденттер болуп Петро Порошенко менен Юлия Тимошенко эсептелет. Порошенко бийликти алып калганга жан талашса, Тимошенко болсо тартып алганга аракет кылат. Ал арада ортодон дагы бир саясий фигура пайда болуп атаандаштык эми үч тараптуу болгону жатат.

«Ю айымдын» реваншы

Украинанын мамлекет башчылыгына буга чейин эки жолу талапкер болгон айым, бул орунга негизги претендент болуп эсептелет. Буцга чейинки шайлоолордун экөөндө тең утулган болчу. Утулуунун себептери ар кандай болгону менен Юлия айым азырынча көздөгөн бийиктигин багынтууга болгон багытынан тая элек. Анын оппоненти Порошенконун негизги максаты Украинадагы лидерликти сактап калуу же жок дегенде Тимошенкого бербөө.

 

 

Бул экөөнүн атаандаштыгы «Апельсин революциясынын» убагынан бери уланып келатат. 2004-2005 жылдары премьер минстрлик креслону талашышкан. Бири коргоо жана улуттук коопсуздук кызматынын катчысы , бири болсо өкмөт башчысы болгон эле. Бирок, Ющенко бул экөөнү тең отставкага кетирген.

Азыр, эгерде социалдык сурамжылоолорго ишенсек, Юлия Тимошенко үчүн 2018-жылдын февраль айында жалпы шайлоочулардын 25 % добуш берген. Бирок азыркы бийликке болгон ишенбөөчүлүк Порошенкону ээрден алып түшүүгө шарт түзүлдү дегенди билдирет. Оппозициянын арасында жүрүү менен юлия Тимошенко өзүнүн рейтингин өстүрүп жатат, ар бир кадамын өтө сактык менен жасап, президенттик креслодого жетпей калуудан аябай сактанат.

Канткен менен Украинанын саясатчылар ы Кыргызстанга караганда өз өлкөсүн эркиндиктин абасы менен дем алдырды деп ойлоого болот. Крым, Донецк, Луганскты басып алуу менен Россия өзүнө чоң тоскоолдуктарды жаратып алды жана дүйнө коомчулугунда басып алуучу монстр көрүнүп калды. Кийинки Украинанын президенти кандай өңүттө  саясат алып барганын убакыт көрсөтөөр.

Жалилов Шамил

 

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *