Россия биротоло изоляцияга алынабы ?

Германия Батыш өлкөлөрүнүн Россия менен болгон конфликтине карабай дипломатиялык алакаларды акырындык менен калыбына келтиришти көздөйт деп билдирди Германиянын тышкы иштер министри Гайко Маас. Бул тууралуу бүгүн 1-апрельде Bild am Sonntag гезитине интервью берди.

«Бизге Россия партнёр катары керек, мисалы региондор аралык конфликтти жөнгө салууда жана көп улуттуу тартипти жөнгө салууда бизге түркүк болуп берет»- деп белгиледи Маас.

ЕБ кирген өлкөлөрдүн кадамдары Россиянын акыркы саясий жүрүм турумуна карата туура болду дейт ФРГ нын тышкы иштер министри. Ошентип, ишеничтин көп бөлүгүн жоготуп алды Россия.

«Бирок ошого карабастан биз мамилени калыбына келтиргенге даярбыз, эгерде Россия тарап да буга ынтызар болсо»-деп кошумчалады Маас.

Ондогон батыш өлкөлөрүнөн 140 дипломаттардын чыгарылышы, Лондондогу Сергей Скрипаль менен анын кызынын ууланышына байланыштуу иштерди эсиңиздерге салабыз.

Россиянын бул кылмышына жооп кылып Британ өкмөтү Лондондогу россиялык элчиликтин 23 кызматкерин өлкөдөн чыгарды, ошондой эле россиялык соода өкүлчүлүгүн жапты. Ал эми Германия россиялык 4 дипломатты өлкөдөн чыгаргандыгын жарыя кылган.

Ошол учурда Москва да жооп кылып 70 британиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгарды, андан сырткары 50 Европа жана Канаданын диплиматтарын чыгарды. Алардын ичинен төртөө германиялык дипломаттар экендигин эсиңиздерге салып коёлу.

Россиянын ушундай оор шартта калышы биз өңдүү анын этегин кармап жашаган Кыргызстан үчүн да терс кесепеттерди алып келбейт деп ким кепил боло алат. Мына ушундай жагдайлардын башталуусу астында Бажы Уюмуна Кыргызстандын кирип кетүүсү бороондуу күнү жолго чыккандай эле болду. Мындан ары окуя кандай өнүккөнүн карап туралычы дейин десең кашайып биз Россия тарабындабыз. Бул тышкы саясатыбыздагы олуттуу катачылык.

Жалилов Шамил

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *