Түштүк Корея менен Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдүн датасын жана орунун макулдашышты

Тараптар 29-мартта Панмунджом кыштагында жоолугушат деп айтышты Сеулда. Ошол эле жерде Эки жылдан бери эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрү болуп келген.

 

Түндүк Корея Түштүк Кореянын сунушун кабыл алды, 29-мартта жогорку деңгээлде өтө тургандыгын Younhap билдирет.

Ведомстволордун билдирүүлөрүнө караганда бул диалогдо тараптар кореялыктардын ортосундагы Сеул жана Пхеньян саммитинин апрельде өтүүчү жерин аныкташмакчы.

Боло турган жолугушуу чек аранын демилитаризацияланган тилкеси болгон Панмундж кыштагында өтмөкчү, бул тууралуу 22-мартта Түндүк Корея чекара байланыш каналдары аркылуу билдирди.

Бүгүн Түндүк Кореянын чекара  байланыш кызматы билдиргендей делегацияны Ри Сон Гвон Кореяны бириктирүү комитетинин төрагасы жетектейт.

Так ошондой эле максатта Түштүк Кореядан бириктирүү министри Чо Мён Гён жана президенттин аппаратынан турган делегация барат.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын апрельдин аягына сүйлөшүүлөрдү пландап жатышат. Жоолугушуунун максаты Вашингтон менен Түндүк Кореянын мамилесин оңдоо жана Корея жарым аралын денуклеризациялоо. Балким келечекте эки өлкөнү бириктирүү максаты да камтылган ойлор жок эместир.

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *