Европа россиялык дипломаттарды масштабдуу түрдө өлкөдөн чыгарууга даярданууда — ММК

Евробиримдиктин 20 мамлекетинде жана АКШ да россиялык дипломаттарды чыгарып салшы мүмкүн, анын себеби болуп Улуу Британиядагы мурунку ГРУ нун мурунку разведчиги Сергей Скрипаль менен анын кызынын ууланып калышы саналат.

Бул тууралуу The Times газетасы билдирет, акция дүйшөмбү күнү башталат, 26 мартта. Дипломаттарды төрт жумага өлкөдөн чыгарып турушат.

Кечээ кечкурун АКШнын улуттук коопсуздук кеңеши президент Дональд Трампка россиялык дипломаттарды Скрипальдын ууланып калшына жооп кылып өлкөдөн чыгаруу тууралуу рекомендация кылышкан. АКШнын президентинин чечимин кийинки жуманын башында жарыя кылышаары айтылууда.

Мындан мурдараак Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мей Евробиримдик менен жашыруун информацияны бөлүшкөн эле. Анда Скрипальдын ууланышына байланыштуу Брюссель ЕБтеги мамлекеттерден бардык россиялык дипломаттарды керектигин жана алардын бардыгы тыңчылар экендигин айткан эле.

Жума, 23-мартта , The Guardian сайты билдирди Улуу Британия россиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгарууга Евробиримдикти көндүрүүнү көздөөдө жана алардын бардыгы тыңчылар деп эсептейт. Бул билдирүүгө удаалаш 23 дипломат өлкөдөн дароо чыгарылган.

Жалилов Шамил

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *