Курултайдагы маселелердин ишке ашышына көптөр кызыкдар

Айбек Мырза, курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы:

 

-Айбек мырза, арель айына өтөөрү болжонуп жаткан Курултайга кимдер келет жана кандай маселе көтөрүлөт?

— Аталган курултайда эң негизгиси кыргыз мамлекетинин учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. Айтайын дегеним, элдин кыжырын кайнаткан маселелер тууралуу сөз болуп, коррупция, сот системасы, саясий куугунтук, сөз эркиндиги талкууланат.

Ошондой эле курултайдын негизги делегаттары көйгөйү көп аймактардан келет. Улуттук мекенчил күчтөр, саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү, жаштар катышат.

-Курултайга кимдердин демилгеси менен өтмөй болду жана анын башында ким турат?

-Негизи Курултай  Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдигинин демилгеси менен уюшулуп жатат. Уюштуруу комитетинин төрагасы менмин.

-Аталган курултайда курултайды баш мыйзамга киргизүү демилгеси көтөрүлөбү?

— Курултайды Баш мыйзамга киргизели, бардык бийлик бутактарынан жогору турган орган кылалы дегендер да бар. Азырынча ал меселе так аныктала элек.

Баштагы курултайлардай          болуп, урааны катуу, көтөргөн маселелери курч болсо да, анда талкууланган маселелер сөз бойдон калып кетпейби?

-Курултайда көтөрүлгөн маселелер ишке ашышына бекем ишенем . Анткени анын ишке ашышына мен эмес, көпчүлүк күчтөр  кызыкдар.

Чынайым Кутманалиева




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *