Сооронбай Шарипович коррупционерлердин катыгын берет

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

«Айкөл Ала-Тоо» бирикмесинин төрагасы, Мээрбек Мискенбаев менен Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын дегени жана Шабдан баатыр көчөсүнүн атын 7-апрель көчөсү деп атоо боюнча көтөргөн маселеси тууралуу баарлаштык. 

 

-Мээрбек мырза,  17-марттагы Аксы окуясынын курмандыктары эскерилген  иш чарада   президентти үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырууга чакырып, “ака-үка” дегенди токтотуш керек дедиңиз. Бул талапты алар менен мамилеңиз бузулуп калган үчүн же кимдир бирөөнүн максатын ишке ашырышка кол-кабыш кылуу үчүн айткан жоксузбу?

-Президент Сооронбай Жээнбеков менен жана анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен да мамилем жакшы. Мен анын мандатын кимдир бирөөнүн өтүнүчү менен талап кылган жокмун. Айтайын дегеним, президент элдик президент болуп, элдин ишеничин актасын, үй-бүлөлүк -кландык режимди орнотпосун деген таризде айттым. Мен ал маселени Жээнбековдорду жаман көрүп, аларга кара санаганым үчүн эмес, аларды сыйлаганым үчүн, эл кооптонгон нерселерди алдын алуу зарылдыгы максатында айттым. Себеби, Сооронбай Жээнбековду буга чейин да колдогонбуз мындан ары да колдойбуз.  Сооронбай Жээнбековго сөз тийип калбасын деген таризде айттым. Анткени, кыргыздар табиятынан тууганчыл келет. Тууганы бийликке келсе,  ырыстуу кызматтарга барууга аракет кылышат. Ошондой нерселерге жол бербесин деген максатта иниси мандатын тапшырсын деп жатам. Андан саясат кылып, түрдүү түскө боёп, интрига жасоонун кажети жок.  

Бирок, талабыңыздын чоо-жайын, түпкү максатын  айтканыңыз менен аны Атамбаев сиздин оозуңуз менен айттырган доомат катары кабылдагандар да жок эмес. Анткени, сиздин сөзүңүздөн кийин мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосунда пикир келишпестик жаралыптыр  деген сөздөр чыгып жатат го?

-Мен мурунку президент менен азыркы президенттин ортосунда пикир келишпестиктер болуп кетти дегенге анча ишене албай турам. Анткени, экөөнүн ортосунда кандайдыр бир кайчы пикирди жараткан маселе болсо, эч кимди ортого салбай эле чечип алышат. Анткени, алар  душман эмес,  кыйбас достордон. Ошон үчүн кандай маселе жаралса да ортомчусуз эле чечип алышат. Менин айтканымды Алмаз Шаршеновичтин оюу катары баамдап, ага түрдүү боёк сүртүүгө аракет кылгандар экөөнүн мамилесин сууталы деген интригандар. Ошолор акылга сыйбаган ойлорду айтып, элдин башын айлантып, жакшы сөздөн жамандык издеп жатышат.

Айтканыңызга ынанлы, бирок, сиз койгон талап коомчулуктан колдоо тапканы менен президенттен колдоо табабы деген да маселе бар да…

-Коомчулук го колдойт. Бирок. жогору жактан колдоо болоорун же болбосун билбейм. Чынын айтканда эки революция тең үй-бүлөлүк, кландык башкарууну кулатабыз деген максатта болгон. Азыркы бийлик да  ошондой башкарууну каалап жатат деген сөздөн алыс болушу үчүн Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшырышын талап кылдым. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырса, чогуу-чаран Сооронбай Жээнбековдун иши илгерилешине жардам беребизби деген ойдомун.

Эл арасында Атамбаев 10 миң киши менен жүрүшкө чыгаары тууралуу кептер айтыла баштады. Сиз Атамбаевдин тарапташы катары ошол жүрүшкө  чыгасызбы?

-Атамбаев баштаган жөө жүрүш чын эле болоорун же болбосун билбейм. Анын жүрүшкө чындап чыгаарынан  кабардар эмесмин. Мен деле эл катары айрым сайттардан окудум. Ага ишенер же ишенбесимди билбейм. Негизи биздин кыймыл стабилдүүлүк болсун, мыйзамдуулук орносун. Адилеттүүлүк болсун деген максатта иш алып барат. Менимче 7-апрелде окко учкандарга куран окутулушу, эскерилет. Бирок, эч ким деле жөө жүрүшкө чыкпаса керек. Ал сөздү  жогоруда айткандай интригандар чагымчылдык кылалы деген максатта чыгарышса керек.

Асылбек Жээнбеков өзүнчө партия түзгөнү тууралуу кептер тарай баштады. Эми КСДП “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” сыяктуу өлүү партияга айланып кетпейби?

-Менимче, КСДПнын тарыхы бар, көп кыйынчылыктарды баштан кечирген, тарыхта өз орду бар Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери келе жаткан партия. КСДП өлүү партияга айланып, жок болгон партиялардын катарын толуктабайт. Кудай буюрса, мындан ары да күчтөнөт. Асылбек Жээнбеков партия ачаарын ачпасын чыны менен билбейм. Эгер агасынын бийлигине таянып ача турган болсо, анда мурунку президенттердин партиясындай болуп, бийлик колунда барында күркүрөгөн, бийлик колдон тайганда жок болгон келечеги жок партия болуп калат. Менин жеке пикиримде Асылбек Жээнбеков КСДПда эле калып, КСДП менен эле иш алып барса керек.

-Бирок, тар чөйрөдө Атамбаев баштагыдай КСДПнын тизмесин түзө албай убараланып жатканы тууралуу кептер тарап жатат го. Учурда ал партиядан мурунку олигархтардын баары качып, Асылбек Жээнбековду шынарлап, Атамбаев тизмесин түзө албай кыйналып жаткан экен го?

-Атамбаев тизме түзө албай жатат деген кептин баары жалган. Бүгүн президент менен экс-президентти тирештиргиси, экөөнүн ортосуна чок салгысы келгендер мына ушундай ушак жайганга да үлгүрүштү. Чынын айтсам, тигил олигарх тигил партияга, мунусу бул жакка кетиптир деген маалымат жок.

— Шабдан баатыр көчөсүнүн атын 7-апрель көчөсү деп атоо боюнча шаардык кеңеште маселе көтөрүлүптүр. Сиздин аракетиңиз ишке аша баштады десек болобу?

-Шаардык кеңеш бул маселенин үстүндө иштеп жатканы чын. Бирок, коомчулукта көчөнүн атын 7-апрель деп атоо боюнча түрдүү кептер айтылып жатат. Мен бир нерсени айткым келет.  Шабдан баатыр көчөсүн Мискенбаев атындагы көчө деп атагыла деп кайрылган жокмун. Мен 7-апрелде окко учуп, эркиндик үчүн күрөшүп жатып, жанын берген азаматтардын атынан коёлу деп сунуш кылдым. Ал жерге жалгыз мен эле кол койгон жокмун. 7-апрелде жарат алгандар да кол койду. Кыскасы, 7-апрель көчөсү деп аталып калса, жеке мага пайда деле алып келбейт. Болгону, ким бийликке келсе да,  ошол көчөнүн атын укканда  ошол кандуу окуядан сабак алып,  канчалаган эр азаматтар ак үйдү көздөй ошол көчө менен акыркы жолу басып, артка кайтпай калганын эстеп,  тизгинин тартып, элдин кызыкчылыгына каршы иш кылбаса  экен деген эле тилекте ушундай маселе көтөрдүм. 7-апрелде 90 бала каза болсо, кийин алган жараттарынан 45 бала каза болду. Мына ошол окуядан терең сабак алалы. Ошолордун урматына коёлу деп жатам.

-Ошондо7-апрелдеги  революция Кыргызстандын тарыхындагы  акыркы революция десек болобу?

-Акыркы революция десек болот. Анткени, Кыргызстан өсүү жолуна түштү. Өз жолун тапты. Алмаз Шаршенович үй-бүлөсүн саясатка аралаштырган жок. Баарына эркиндик берди. Ошон үчүн ким эмнени кааласа айтып жатат.

Бирок, беш кол тең эмес дегендей сиз Атамбаев үй-бүлөлүк башкарууга жол берген жок, балдарын саясатка аралаштырган жок дегениңиз менен ак жеринен камап, саясый куугунтукту күчөтүп, патриотторду камап койду дегендер да бар го…

-Антип ага көө шыбап, жаман атты кылам дешкени менен чынында Атамбаев негизсиз кылмыш иш козготуп, жөнү жок каматкан жок. Камалгандардын баары күнөөсү болгон үчүн камакка алынды. Камалып, жакындары ыйласа эле алар патриот, аларды жазага тарткандар желмогуз болуп калбайт да. Чынын айтыш керек. Атамбаев эгемендик алгандан бери адилеттүүлүктү орноткон, калыс иш алып барган башчы болду.

-Сооронбай Жээнбеков токтогон кылмыш иштерин кайрадан карап чыгып, коррупционерлер менен аёосуз күрөш баштайт деп ишеним артсак болобу?

-Болот. Анткени, Сооронбай Шарипович Алмаз Шаршеновичтин жолун улап жатат. Ал Алмаз Шаршенович баштаган иштин өтөөсүнө чыгат деген  ишенимим зор. Буюрса, коррупция менен аёосуз күрөшүп, коррупционерлердин катыгын берет.

Чынайым Кутманалиева




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *