Алп Сол

Алп Сол — 9-кылымдын кыргыз кол башчысы жана элчиси.
840-жылы кыргыз каганынын уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген дана Энесайдагы Улуу Кыргыз империясын негиздөөгө чоң салым кошкон.
843-жылы март айында кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Кытай жыл баяндарында: “841-жылы такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду”- деп баяндалат. Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан женилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнун элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *