Азаттыктын туңгуч кабарчысы

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 18-март күнү 65 жыл толду.

Ушул мааракелик датага арнап, «Азаттыктын архивинен» аттуу атайын берүүлөр түрмөгүн сунуштайбыз. Бүгүн сиздерге ошол түрмөктөн «Азаттык» радиосу эмнеден башталган, ал кезде «темир тор» артындагы Германиядан кыргыз кабарчылар кандай берүүлөрдү даярдашканы тууралуу кыргыз кызматынын эң алгачкы журналисти, маркум Азамат Алтай менен маекти сунуш этебиз.

Маекти Венера Сагындык кызы 2004-жылы телефондон жаздырып алган.

“Азаттык”: Азамат агай, сиз “Азаттыктын” кыргыз тилиндеги берүүлөрүн эң алгачкылардан даярдаган адам эмессизби. Кандай болбосун маалымат каражаты кийин тарыхты жазганга, тактаганга жардам берет эмеспи. Анткени сиздер ошол учурдагы кыргыз элинин жашоо-турмушунун кайсы бир көрүнүштөрүн чагылдырдыңыздар да.

Азамат Алтай: Сиздердин турмушка кызыгып, сиздердин абалыңыздар кандай экенин үйрөнүп, билип турдук. Ал үчүн мага мүмкүнчүлүк берген Александр Беннигсен деген профессор болгон, ал Франциянын Тышкы иштер министрлигинде иштейт эле.

Бул 1949-жылдар, радиого иштей электен мурда эле. Франция ар дайым Азияга кызыгып келген мамлекет да. Ошол учурларда “Правда Востока”, “Кызыл Өзбекстан”, “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Казакстан Правдасы” гезиттерин алат экен. 1952-жылдары “Манас” эпосуна чабуул жасалды да. Ошондо “Кызыл Кыргызстанда” жазылган Түгөлбай Сыдыкбековдун, Батмановдун, Болоттун (Юнусалиевдин. — Ред.) 1952-жылдардагы докладдарынан окуп, мен Беннигсенге которуп берип турдум.

Кийин ал “Кыргыз Республикасы” деген бир китепче чыгарды. Кыргызстандын маданияты, өнүгүшү, театры, тарыхы, элге билим берүүсү, экономикалык абалы туурасында кыргыз гезиттеринен алынган материалдарга негизделген, Кыргыз Республикасына арналган бир журнал чыгарды. Анда кыргыз гезиттеринен алынган материалдардын баарын мен орусчага которуп берип турдум, ал французчага которуп, ошону китеп кылып чыгарды.

1952-жыл болсо керек, Европадагы түркстандыктардын жыйыны болду. Жыйынга 200гө жакын түркстандык катышты. Өзбектер, түркмөндөр, кыргыздар, казактар, тажиктер болуп. Анда биз Түркстан элдеринин эркиндиги маселесин козгоп чыктык.

Кыргыз маселесин козгоп чыгыш үчүн Батышта анда чала-була гана бир кишиңер бар эле. Казактар үч-төрт, өзбектер он чакты эле окугандардан. Ушундай чектелүү гана интеллигенция бар болчу. Ошол курултайда башчыбыз казак болду, орун басары өзбек болду, журналдын редактору кылып мени шайлашты.

Биз “Түрк эли” деген журнал чыгара баштадык.

 “Азаттык”: Бул 1952-жылбы ошондо?

Азамат Алтай: 1950-53-жылдар. 1953-жылга чейин «Түрк эли» журналынын жети-сегиз номурун чыгардык. Америкалар бизге Түркстан туурасында өз каалоо-тилегин айтышты. Америкада кандай демократиялык эркин шарттар болсо, ошондой демократиялык түзүлүштү колдогула деп.

«Азаттык»: 1950-жылдары эле борбор азиялык өлкөлөрдүн чет өлкөдөгү интеллигенцияларын чогултуп, кандайдыр бир демократияны өнүктүрүү аракеттери жасалган экен да.

Азамат Алтай: Ошондой аракеттер жасалды. Алар Батыш Европада калган борбор азиялык бозгундарды чакырып, “Антибольшевиктик комитет” деген уюм уюштурушту.

«Азаттык»: «Азаттык» радиосуна 1953-жылы келип калдыңыз да?

Азамат Алтай: 1953-жылы Кокон (Түркстан. — Ред.) автономиясынын президенти болгон казак Мустафа Чокайдын жесири Мария Яковлевна менен таанышып калдым, ал аркылуу Карис Канатбай деген казак мени чакыртты.

Ошондо 1949-жылы мен Франциядан Германияга келдим. Францияга болсо, 1946-жылы баргам.

Ошондо “Түрк эли» деген журнал чыгып жатты. Ошонун бешинчиби же алтынчыбы номуруна мен редактор болдум. Биз ошол антибольшевиктик журналды элге жиберебиз деген максат менен миңдеген нускада чыгарып, элге жибериш үчүн аракет кылдык.

Албетте, журналды элге жеткирүү мүмкүн эмес болду. Ошол заманда Американын Конгресси биздин антибольшевиктик аракетибиз туура эмес усулду колдонууда, басма сөз элге бул ыкма менен жетпейт деп, ошол учурда “Азаттык” радиосун ачышты.

«Азаттык»: Сиз анан эң алгачкы кыргызча берүүлөрүн даярдадыңыз?

Аамат Алтай: Оболу «Түркстан редакциясы» деген бар эле. Анын башында Ленинград университетин, Хайделберг университетин бүтүргөн казак турду. Мен анын псевдонимин гана билчүмүн, адабий аты Асанкайгы эле. Ошол баш редактор болду.

«Азаттык»: Ошондо кандай берүүлөрдү даярдап, кандай маселелерге көңүл бурчу элеңиздер?

Азамат Алтай: Биз антибольшевиктик аракетке көп көңүл бурчубуз. Большевизм бизге эмне алып келди, элибиз большевизмдин алдында кандай күн өткөрүп жатат, коллективдештирүү заманында кулакка тартуу, кыргыздардын байларын тоноп, түрдүү жактарга сүргүнгө айдагандар туурасында жазып жаттык. Сүргүнгө байлардын балдары кеткен эле да. Бечаралар кийин кат жазышты. Бири — Украинадан, бири — Сибирден.

Украинадан келген катта:

«Көгүчкөн учуп жеткиргис,

Көп ойго кирип кетиппиз», — деп зарлаган кыргыз кыздары бар эле.

«Азаттык»: Эл арасында совет бийлигине нааразы болгондор бар-жогун кантип билчүсүздөр?

Азамат Алтай: Советтик бийликке каршы болгондорду мен өзүм да көрүп келдим да.

Буудай басып кырманда отурганда ырдаган ырларын көрдүм.

«Ленин биздин атабыз,

Буудай басып жатабыз,

Буудай басып жатканда,

Өзөрүп өлгөн жатабыз«, — деп ырдачу эле.

Адамдарга тамак бербестен, бардык данды мамлекетке алып кетчү да. Бул 1933-34-жылдар болгон.

Коллективдештирүү маалында бүтүн малдарын колхозго алып, ошол учурларда менин атамдын ыйлаганын жакшы билем. 1930-жылдары бүт малын колхозго бербеш үчүн союп, эттер сасып, талаада карга-кузгун жээр эле.

Бербегендерди кулакка тартып, сүргүнгө сүрөр эле. Булардын четин мен өзүм да көрүп калдым да.

«Азаттык»: Буга чейинки маектериңизде 50-60-жылдары Кыргызстанда жашаган адамдардан каттарды алып калчубуз, кандайдыр бир жашыруун жолдор менен берип жиберчү эле деп айтып калдыңыз эле?

Азамат Алтай: Кыргыз тили, кыргыздардын орусташып бара жатканы жөнүндө бизге бир узун кат келди. Кандай жол менен келгенин билбейм. Ошондой эле угармандардан да төрт-беш кат келди. «Сиздердин радио берүүлөрүңүздөрдү жактырабыз, бирок сиздер берген учур биздин уктап аткан кезибиз болот, ошон үчүн убактысын алмаштырсаңыздар» деген кат келген.

«Азаттык»: Ал эми «кыргыз тили жоголуп баратат» деген катчы?

Азамат Алтай: «Кыргыз тили жоголуп баратат» деген каттын автору жок болчу, кат өзү төрт-беш бет болсо керек. Ал менде да бар. «Тил жоголуп баратат, ушундай болуп жатат» деп биз ошол каттын негизинде көп макала жаздык.

«Азаттык»: «Азаттык» радиосунда баш-аягы канча жыл иштедиңиз?

Азамат Алтай: Мен 1953-жылдан 1956-жылга чейин иштедим. Америкага келген биринчи күндөрү да ишим жок эле да. Ошондо да Америкадан репортаж деп, жумасына бир макала жиберип турар элем. «Азаттык» менен байланышымды үзгөн жокмун.

Кийин 1979-жылы Төлөмүш Жакып уулу кесел болгондо, ошол чакта «Эркин Европа/Азаттыктын” жалпы директору бар эле. Ошол киши келип, «Азаттык» радиосун сен башташкан элең, Төлөмүш азыр иштей албай калды, эгер келип программаны улантпасаң, кыргыз бөлүмү жабылуу коркунучунда турат», — деди.

Ошондо мен «Азаттыкта» кыргыз деген атты баштаган элем, кыргыз деген атты өчүрбөйүн» деп, Колумбия университетиндеги китеп чогултуу бөлүмүндөгү жакшы ишимди таштап, 23 жылдан кийин кайра Мүнхенге келип, 1979-жылы Төлөмүшкө жардамчы болуп иштедим…

Булак: «Азаттык»




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *