Жаш балдардын ырыскысын да кемитишеби ?

Жогорку Кеңештин депутаттары 14-мартта пособие тууралуу мамлекеттик мыйзамга түзөтүүлөрдү биринчи окууда жактырышты, кээ бир депутаттардын ою боюнча бул эски текстти гана кайталабастан андан да жаман болуп калган. Эмне үчүн бул толуктоолордун айланасында чыр болуп жаткандыгын түшүндүрөлү.

Адегенде болуп жаткан окуяны түшүнүү үчүн 2009-2017 жылдардагы пособие тууралуу мыйзамдарды карап көрүңүздөр.

2009-жылкы мыйзам

1.Ай сайын 16 жашка чейинки балдар пособие алышат, эгерде үй бүлөдөгү кирешеси киши башына 900 сомдон көп эмес болсо.

2.Балага жаңы төрөлгөндө 2700 сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жардам.

 

А эмне үчүн өзгөртүү киргизишкендерине назар салыңыздар: Коррупциялашып кетиптир. Көптөгөн үй бүлөлөр доход тууралуу справкасын оңдотуп алышкан имиш.

2017-жылкы мыйзам

1) Эгерде үй бүлөдө үчтөн ашык бала болсо 3 төн 16 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү пособие.

2) Бала жаңы төрөлгөндө бир жолу берилүүчү сүйүнчү акча 4000 сом.

3) 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул.

Эми аны эмнеге өзгөртүшкөнүнө назар салыңыздар: Көптөгөн үй бүлөлөр үй бүлөдөгү балдардын санына байланыштуу пособие ала албай калышкан имиш, андан сырткары бул мыйзам бюджетке кымбатка түшүп калыптыр.

Эми 2018-жылдагы түзөтүүлөрүн караңыздар.

1.Ай сайын берилүүчү пособиенин кимдерге берилишин жергиликтүү органдар аныктайт жана зарылдыгына жараша.

2.Бала жаңы төрөлгөндө бир жолу берилүүчү сүйүнчү акча 4000 сом.

3.Балага жөлөктү алып салуу.

Мамлекет алгач пособиени төлөөдөн баш тартты, себеби ал төлөө процесси коррупциялык экен деп, ал эми шайлоо алдында кайрадан баарына ылгабай бере баштады.

Шайлоо бүткөндөн кийин болсо мурунку эле төлөө системасына барды да, көп балалууларга төлөй албай тургандыктарын жарыя кылды.

Анткени менен зарылчылыктын деңгээли мурункудай эле киши башына 900 сомдон ашпаган кирешелүүлөргө төлөй турган болду. Аны да жергиликтүү бийликтин чечими менен субьективдүү аныкташат.

 

Жалилов Шамил




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *