Кытайдын карызы Кыргызстан үчүн көп деле коркунуч эмес

Кыргыз мамлекети Кытайдан 1 миллиарддан доллардан ашыгыраак карызы бар экен . Кытай эми Кыргызстанды кылтакка илди, төлөй албасак жерибизди алат, басып алат деген сөз туура эмес маалымат.  Ооба, биздин мамлекетте бюджеттин дефицити, тышкы карыздарыбыз бар жана тышкы саясатта ар кимдин көзүн карайбыз. Бирок канчалык экономикабыз мажүрөө болсо да, канчалык көз каранды мамлекет болсок да Кыргызстан үчүн 1 млрд. $ деген карыз антип жер берип, анан басылып кала турган карыз эмес !  Орто Азияда энергетикалык державабыз, биздин алтын, көмүр жана темир кендерибиздин кору миллион тонналап саналат. Антип элди күн мурунтан деморализациалоо болбойт. Сейрек кездешүүчү металлдар бар бизде, урандын запасы бар. Айтор мүмкүнчүлүктөр толтура. Бир гана нерсе , бизди дүйнө менен эркин катыштырбай тосуп турган державалардын чеңгелинен чыгып кетсек жакшы болмок. Бир туруп исламды пропагандалап элди уулап, бир туруп Россияга эле кошулуп кетишибиз керек жашай албайбыз деп элдин шаабайын сууткан пропагандисттерди укпашыбыз керек. Кыргызстандын келечеги кең, эли иштерман, жери толгон токой кендергебай, жаратылышы кооз өлкө ! Биз үчүн миллиард доллар кеп эмес болуп калат убагы келсе… Коррупционерлерди президентибиздин урааны астында тазалап алсак.

Жалилов Шамил




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *