Качан кыргыз, мындайда четте карап турчу эле?

 

…деп Тынчтык инибиз кол кабыш кылып өз салымын кошуп атат. Эмне дейм жүрөк жылып , сөөк агарат экен. Бу тирилүүктө бир туугандай жалпы элдин жакшылыгында бирге болгонго не жетсин!

Качан кыргыз, мындайда четте карап турчу эле?

«Бышкан ашты жечү көп» же «Кайда болсоң анда бол, аш бышканда пайда бол» болбой, келгиле Улуттун намысы үчүн Гиннестин рекорддор китебине кыргыздын беш бармагын каттатуу иш чарасына активдүү катышып, колдоп берели, жигиттер. Угушума караганда эт туурай турган азаматтардын саны анча арбыбай жатыптыр. Мындай болбош керек, ошол 10-март күнү фейсбук деле эс алсын, жигиттер эс алуу деги күн экен, бычакты кайрап, жеңди түрүп, эт тууроого келип бергиле.

Албеттe, мурда жарыялангандай, «Эт тууроо» мелдешинин байгеси дагы мыкты.

Мыкты туурамчылардын баш байгеси-тайды жаңылтаар бир ирик!
Биринчи байге-бир кой.
Экинчи байге-бир козу!
Андан тышкары касапчыларга керектүү шаймандардан кызыктуу байгелер бар.

Сыртта жаз, үзүмчүлүк маал. Ысык шорпо ичип, эт туурап, бака-шака түшүп, майрамдабайлыбы.

«Кара каптын кагылчык, карап туруп жаның чык» болуп турган узун сарыда бир ылайдай ирикти утуп алып, досторуң менен союп жесең жаманбы же?! Айтчы, байболгур?!?!?!

Тынчтык Алтымышев




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *