Ак калпак ЮНЕСКО го катталат

Кыргыздын ак калпагын ЮНЕСКОго каттатуу демилгеси башталды.

Бул демилгени » Кийиз дүйнө» көтөрүп » Урматтуу тилектештер, 11-март бешбармакты Гиннеске киргизүүгө арналган чоң иш-чарада Ала-Тоонун ак мөңгүсүндөй болгон болгон калпагыбызды ЮНЕСКОГО каттатууга атайын кол топтоо жана видеокайрылуу тартууну пландап жатабыз. «Мен Кыргызстандыкмын» деген ар бир атуул «АЮ Гранд комфорт» соода борборуна барып, кол коё алат.
Ар бир мырза ак калпагын баса кийип барып, өз салымын кошот деген ишеничибиз зор!»-деп жалпы элге кайрылып чыгышты . Бул демилгени «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси тилектештигин билдирип колдоп , кыргыз калпагы аздектелип, ЮНЕСКОго катталып калышына өз салымын кошуп, болгон аракетин көрөт. «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Мен кыргызмын»деген ар бир жаранды бул демилгени колдоого чакырып кетмекчиби! Калпагыбыз ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталып калса… бул биздин жетишкендик болот. Намысты бербей дүйнөгө кыргызды тааныта берели. Кыргыздын улуттук тамагы Гиннеске кирүү расмий аракети болгон иш чарада ак калпагыбызды ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине каталса деген демилге көтөрүлгөнүнө кубанып олтурам. Мына ушундай улуттук кадамдар таштала берсе мекенибизге береке пайыз, оомат уялайт, эртеңки келечегибиз кеңейет.

Байланыш үчүн телефондор:
0708 32 62 64, 0555 32 62 64
(09:00-18:00гө чейин байланышсаңыздар болот)




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *