Кылганынын кымбатын чыгарган соттор же болбосо караөзгөйлүктүн жеткен чеги.

Кыргыз парламентинин депутаты Аида Саляновага карата болгон соттун чечими, берген отсрочкасы  реалдуу жаза мөөнөтүн өтөгөнгө караганда бир кыйла катаал болуп калганын юристтер, ушул чөйрөнүн адистери айтып жатышат. 2029 — жылга чейин жаза мөөнөтү убактылуу токтотулду деген менен, ал чындыгында бардык чектөөлөр менен токтотулду. Мандатын алышты, жумушка орношо албай жана социалдык жактан да чектөөлөр. Мындай катаал шарттагы жаза мөөнөтүн артка жылдырууну «отсрочка » деп атоого болбойт. Ушундай эле учур Текебаевдин шайлоо алдындагы абалын да эске салат. Мисалы мындай чектөөлөрдүн басымы астында Аида Салянова кызын 2029-жылга чейин багып, чоңойтушу керек экен. Бул деген барып турган таш боорлук, кара ниеттик жана мыйзамга каршы келе турган «Отсрочка». Чек арадан сыртакары чыкканга тыюу салынат экен, эгерде кызын чет мамлекеттен бир медициналык же билим алууга чыгууга туура келип калсачы ? Кыскасы соттун чечимдери толгон токой түшүнүксүз, ката чечимдер. Туура эмес.

Жалилов Шамил




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *