Ушинтип көргөн күн курусун…

Кыргызстан Россиянын көзөмөлү астында күн кечирген күнкор мамлекет. Ар кандай жеңилдиктерди беримиш болуп, карыз берип , аны кайра кечкен болуп өзүнө имерип келет Кыргыз Республикасын орустар. Арийне, биз сыяктуу чабал экономикасы, мажүрөө саясаты бар өлкө тышкы саясатта сөзсүз бир чоң державанын этегин кармоосу абзел. Бирок дүйнөлүк коомчулукта баркы кеткен, Жер шарынын кургактыгынын бештен бир бөлүгүн ээлеп туруп да Россиядан алда канча кичинекей Индонезия жана Италия мамлекеттеринин ички дүң продукциясынан аз ВВП сы болсо, биз ошону ээрчисек кандай болот ?

Путин Крымды аннекциялап алуу менен эң чоң ката кетирди. Анын айынан Украинанын Луганск жана Донецк областтарында түгөнбөгөн согуш оту тутанып, миңдеген жай адамдардын өмүрүн алып кетти. Сирияда АКШ менен тышкы саясатта тең тайлашам деп атып утулду, мусулман дүйнөсүнүн жек көрүүсүнө жетишти. Чыгышта болсо Кытай менен достошуп жатабыз деди эле, чындыгынды билинбей ор казып жаткан душманы ошол экенин билип ага да тиш кайрап турат. Бирок иш жүзүндө каш кайтараар чамасы жок. Анын кесепетинен Кыргызстан өтчү темир жолго уруксат берилбей азабын биз кыргызстандыктар тартып атабыз.

Путиндин башкаруу жылдары Россия бир ордунда турган жок, жылыш болуп жатты. Бирок ошол жылыш алдыга эмес артка экенин орус бийлиги мойнуна албайт. Катачылыгы Крымды туура эмес басып алды, анын кесепети кризис, санкциялар, чет элдик завод, фабрика жана башка ишканалардын жабылышы менен коштолду. Ал эми жетишкендиктери Кыргызстан менен Арменияны Бажы уюмуна кошуп алды. Кесепети  айланып келип бизге, кыргыздарга гана тийди. Армяндардын чындыгында башка жолу жок эле кошулуудан башка. Бизде толгон токой мүмкүнчүлүктөн Россияга кошулууну тандап алышты.

Россияда болуучу президенттик шайлоодо Путин утаары шексиз, себеби каш кайтараар оппоненттеринин баарын зыянсыздандырды. Демек Кыргызстандагы акыбал көпкө чейин өзгөрбөйт, бул өтө кооптуу жагдай. Анткени табигый жол менен болсо да эптеп топтолуп жаткан кыргыздардын түпкүлүктүү идеологиясына, экономикасынын тамырына балта чабылып жатат.  Эгемендүү болгондон бери топтогон тажрыйбасы бар, эркин ой жүгүртүүчү, Кыргызстанды өнүктүрүүгө көзү жетип калган адамдардын катары суюла баштады. 25-30 жылдын ичинде топтолгон бул дем, күчү бар, эли, жери үчүн согуша турган жаштар эми калбай калышы мүмкүн. Россиянын жарандуулугун да эмне максат менен жеңилдетилген өңүттө беришкендери да аныктала баштады. Кош жарандуулугу бар экен деп патриот, жакшы адис же мамлекеттик жакшы ишмер болсо камап жок кылуу максаты бар экендиги билинип калды. Аларды тазалап бүткөн соң, Кыргызстанда жана Россияда ындыны өчкөн, эркиндиктен үмүтүн үзгөн, жакшы жашоодон үмүтүн үзгөн кул мүнөз , жоош адамдар калып калат, анан аларды башкарып алуу оңой болот деп жатышат. Сөзүмдүн акырында айтып кетээрим, мен бул бул нерселерди дүйнөлүк ММК лардын айткандарына, эксперттердин айткандарына жана жеке изденүүмдүн аркасында далилдерге таянып  жаздым. Менин бул аналитика менен эч кандай мамлекет аралык же улут аралык кастыкты козуткум келбейт. Мен өз кыргыз элимдин тынчтыгын , жыргалчылыгын жана эркин жашоосун өтө каалайм !

Жалилов Шамил

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *