Кыргыз улутунун эркин көрсөтүп, чыныгы эркин мамлекетти курушубуз керек !

Кыргызстанды калп эле суверенитети бар деп коюп, мамлекет имиш да деп ойногону гана уруксат берилген окшойт менимче. А чындыгында чыныгы мамлекеттин ташпиши, чыныгы эркин элдин жашоосу бизде жок !
Эми мындайча айтканда баягыы орустар мага айткан сөз чын болуп атат да… Мен Кыргызстандан болом десем бир орус » Я такого государства не знаю, наверное какой то край нашей земли да ? » деген эле. Мен арданып, Кыргызстан деген суверендүү мамлекет, эч кимден көз каранды эмес деп безилдеп түшүндүрүп алыпмын. Лаадно дешип күлүп коюшкан. Иш жүзүндө бизди капаска салып койгон чымчыктай эле карап көз салып турушат экен да.
 
Акаев деген бирөөнү алып келип СССРден калган мурастын баарын талкалатып, керектүү нерселерин эшолон менен Россияга чыгарып кетишип ач калтырышты. Кендер, шахталар бүт иштен чыгарылып жардырып жабылды. Мамлекетке тийешелүү эч нерсе койбой талкалашты, ошого жол ачып берди.
Баары бүткөн соң 2002-жылы Россия менен эмгек келишимин түзүп эмгекке жарамдуу жаштардын баарын жасалма жол менен Россияга кетүүгө мажбур кылды. Анын кесепетинен жаштардын сыртка чыгып кетүүсү азыркыга чейин токтобой атат. Бул нерсе Кыргызстанда кыргыздардын демографиясына сокку урду. 2007-жылдын ичинде эле орус жарандыгын алгандардын саны 350 миңди түздү, ал эми андан бери канчасы алып жатат. Эми алардын канчасы мекенине кайрылып келээрин бир кудай өзү билбесе эч ким билбейт.
Падышалык Россиянын тушунда орустардын Кыргызстанды багынтып алуусуна чоң салымын кошкон Шабдан баатырдын, анын атасы Жантайдын уруусунан экен, алма сабагынан алыс түшпөйт дешкенби, айтор Аскар Акаев орустар калагандай саясий-экономикалык иштерди кылып берди аларга. Алар Акаевди тандоодо жаңылышпаптыр, баарын орустардан көз каранды кылып, баарын тегиздеп туруп качып кетти. Жаш, эми түптөлө турган мамлекетти күнкор мамлекетке айландырып туруп, коррупция, трайбализмдин башатын баштап койду. Өлкө ошол жол менен кетип атат. Мамлекеттин бүтүндүгүнө кооптуу күчтөрдү колдоого алып, аларга дамаамат колдоо көрсөтүп акыры кийин мамлекеттин ичинен бунт чыгара турган акыбалга жете турган кылып койду.
Андан кийинки келген президенттер да анын изи менен кетишти, башкача айтканда алар Акаевдин орун басарлары эле болушчу.
Эми биз качан, кантип толук эркин мамлекет болууга жетише алабыз ким билет ? Кыргызстанга окшогон мамлекеттерди орустар » Страны третьего мира » деп коюшат экен. Башкача айтканда биз кендерди өз алдынча иштетүүгө акыбыз жок жана оор өнөр жайын өз алдыбызча ачып иштеткенге акыбыз жок экен. Аны башка күчтүүрөөк мамлекеттер бизге келишип «Инвестор» деген ат менен келишип ээлик кылып турушат экен Кумтөр сыяктуу.
Ал эми мына бул турган биздин бийлик эч качан биздин пайдабызга иштеп беришпейт. Себеби булар марионетка бийлик, буларды башкарып турган пульт бизде эмес башка жакта.
Бирок биздин көзүрүбүз бар, ал биздин эркиндигибиз, суверенитетибиз, аны баркташыбыз керек. Сөз, ыр жүзүндө эмес иш жүзүндө. Кайратыбызды көрсөтүп, мына бул системаны талакалап алып, түбүнөн өзгөртүш керек. Коррупционерлер Кыргызстанды, кыргыз элин жутуп салса да тойбойт.



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *