16-февральга карата аба ырайы

Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңот, кар күрткүсү болот. Кар көчкү коркунучу бар. Мындай аба ырайы 18-февралга чейин созулат.

16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бурганак болушу мүмкүн. Зымдарга, дарактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -8…-13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -11…16 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-4 градус болот.




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *