Надира Нарматова, экс-депутат: “Төртилтик бир тилек, бир максат, бир ниет менен жеңишке жетет»

 

Экс-депутат Надира Нарматова менен  төртилтиктин түзүлүү максаты, келечекте алып бара турган иши  жана президенттик шайлоонун алкагында баарлаштык.

 

-Надира айым, кечээ жакында президент болот элем деген дымагы бар саясатчылардын төртөөсү бирикти. Президентикке аттангандардын биригиши эмнеден кабар берет?

— Президенттике ат салышкан талапкерлердин кимиси аягына чейин барат. Кимиси орто жолдо эле калаары  25-август күнү билинет. Анткени, талапкерлерге коюлган талаптарды аткаруунун мөөнөтү бүтөт. Тагыраак айтканда, шайлоого катышууга канча талапкер калат так белгилүү болот. Мындан сырткары шайлоо бюллетенине кимдер калары  15-сентябрда белгилүү болот.  Ошолордун катарында төртилтикке бириккен төрт талапкер өз алдынча Конституциялык укугунан пайдаланып, ар бири өз алдынча талапкердин милдеттерин аткарып жатышат. Бул жакшы саамалык. Кимиси талапкер катары мандат алышат аны да 25 -августтун жыйынтыгы менен билинет. Алган мандаттарына жараша төртилтик өздөрүнүн акыркы чечимин 15-сентябрь үгүт иштерин жүргүзүүнүн алдында билдирсе керек. Кимди алып чыгышат аны убакыт көрсөтөт. Төртөөнүн тең өз алдынча, бири- бирине окшошпогон элге керектүү өзгөчө сапаттары,  амбициялары,  духу жетиштүү. Башкача айтканда, төгөрөгү төп келишкен лидерлер. Кимисин алып чыкса да жыйынтык «Бир тилек, бир максат, бир ниет , бир жеңиш»-болот. Анткени, бул биригүү жөнөкөй биригүү эмес. Экинчиден, бул биригүү жалпы кыргыз элдин биригүүсү деп түшүнүшүбүз керек. Төртөө алдыда турган менен артында өз лидерлерин коштоп , кубаттап турган жети дубандын тың чыкма улан-кыздары, электораттары бар. Кыскасы, бул биригүүнү өзгөчө оң канат, сол канат, ичкилик урууларынын Кыргызстан  боюнча биригүүсү деп түшүнүшүбүз керек.

-Бүтүндөй кыргыз элинин биригүүсү дегениңиз менен айрымдар регионалдык гана биригүү болуп калды деп жатышат го?

-Төртилтик регионалдык жактан гана бирикти дегендер жаңылышат. Дагы айтам төрт иликтин арты менен бүтүндөй кыргыз эли бирикти. Маселен,  Ишенбай Кадырбеков жетектеген партия өз курамы  менен аталган  биригүүгө кошулду. Ал киши Нарындын мырзасы. Менимче, көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса дагы талапкерлердин ичинен кошулууга ниеттенгендер бар.  Мен жогорула сөз кылган  мөөнөткө  чейин бир топ түрдүү региондордун өкүлдөрү кошулуп , биригишет деген үмүтүм бар. Анткени, бул биригүү саясаттагы идеялардын, пикирлердин жана элин биригүүсү. Бүгүнкү күндөгү бир жактуу, бир партиянын  орунсуз, одоно жана бир партиянын басып алуучулук, мыйзамсыздык саясатына каршы мыйзамдуулукту жана темирдей тартипти, жоопкерчиликти  орнотууга багытталган биригүү деп эсептесек болчудай.Өзгөчө  бул биригүү мамлекеттин башкаруу системасындагы  баш аламандыгы, бийлик бутактарынын Конституциялык милдеттерин иретке келтирүү, укуктарын жана жоопкерчилигин көтөрүү багытын көздөйт. Өлкөнүн өнүгүүсүндөгү экономикалык, социалдык өксүүлөргө бөгөт коюу менен улуттук идеологиянын алкагында кыргыз элин биримдике чакыруу , мамлекеттин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн бекемдөө максатын көздөйт. Буюрса, бул биригүү кыргыз элине жакшылык гана алып келет.

Төртилтиктин баары оппозициялык көз караштагы саясатчылар деп ишенсек болобу же  буларды ичтен ыдыратыш үчүн бийликтин да өз кадры кошулуп кеткен жокпу?

-Бул биригүүнүн негизин  бийликке каршы оппозициялык көз караштагы саясатчылар түзгөнү  белгилүү . Ошон үчүн бийликтин  жүргүзүлүп жаткан терс саясатына каршы чыгып, ага бөгөт коюу үчүн биригишти. Бул биригүү идеалардын, пикирлердин, программалардын ойлордун, сунуштардын, өнүгүү жолдордун биригүүсү болгондон кийин, бийликтин өз кадрын арасына киргизип салды деген куйтуланма кезектеги ушак сөздөрдү кабыл ала албайм. Анткени, бул биригүү чоң күч. Төрт лидердин коомдо өз алдынча сиңирген эмгеги , ээлеген орду, артында колдоп турган чоң командасы, өз алдынча дарамети бар экендигин айттым. Төртилтик көптөрдүн жүрөгүнүн үшүн алгандыгы, түн уйкусунун үч бөлүнгөндүгү, пландаштырган иш аракеттерин бүлгүнгө учуратууну ойлогондор да жок эмес.  Ошондуктан, түрдүү ушактарды, караөзгөй ойлорду, чагымчыл сөздөрдү таратып, ич ара ыдыраткысы келген кара күчтөрдүн күнү-түнү иштеп жаткан топтордун бар экендиги реалдуу жашоонун чындыгы. Андыктан, төртилтиктин бирөөсү бийлик менен ич ара тыңчы катары же бийлик менен тил табышып  жатат дегенге кошула албайм. Себеби,  бул төртилтик өз башынан көп сыноону өткөрдү. Алар  түрдүү жалааларга кабылды. Сыноолорду, алданууларды, көз бойомоочулуктарды, саткынчылыктарды баштарынан өткөрүп, керек болсо айрымдары түрмөгө да олтуруп, жашоонун эң оор сыноолорун жон терилери менен сезишти.  Жаштары да элүүдөн өтүп, саясатта бышып, такшалышты.  Көр да таягын бир жолу жоготот. Экинчи жолу жоготпоого, алданып калбоого аракует кылып, сак болот. Жыйынтыктап айтканда, буюрса акыр аягына чейин бир талапкерди саяпкер катары  бир билек, бир тилек  менен “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”  сүрөөнчүлүк менен бир партия, бир штаб түзүшүп, бир талапкер үчүн күрөшүп, жеңиштин туу чокусуна жетишет жеп Жараткандан үмүт кылам.  Кыргыз эли биригүүнүн мезгилине келди. Мезгил талабын эл туура түшүнүп колдошу керек. Кыргыз эли бөлүнүп жарылганга эч кандай негиз жок. Анткени жети дубанда оң канат, сол канат, ичкилик уруулары бардык өрөөндө аралаш жашашат.  Түндүк-түштүк деп регионго бөлүүгө эч кимдин акысы жок. Бир ууч кыргыздын түбү бир кыргыз. Андай экен негизги түпкүлүктүү кыргыз калкын, этникалык азчылыктагы элдер да туура түшүнүп, кыргыз биригип жатканда алар да бул биригүүнү колдоп, бүтүн Кыргызстан үчүн биригип, Ата Журтту сактап, жаңыча өнүгүүнү кубатташы керек.

Айтканыңызга ынаналы. Бирок, бул биригүү кимдир бирөөнү алсыратуу максатында түзүлгөн эмеспи?

-Бул биригүү жекече эч кимге каршы түзүлгөн жок. Биригүү Кыргыз мамлекетинин келечегин бүтүндүгүн коргоп,  Ата Журтун сактап калыш үчүн жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн түзүлдү. Көп улуттуу мамлекеттин биримдигин сактап, ынтымакка чакыруу үчүн уюшулду.  Өзгөчө президенттик шайлоодо шайлоочуларды жок нерселерди убда берип, элдин башын айландырып жылга- жылгага, уруу-урууга бөлүп, добуштарды сатып алууа, мыйзамсыз аракеттерге каршы туруп,  добуштарды күч менен алууга,  административдик ресурстарды  пайлаланууга бөгөт коюууну көздөйт.  Бул биригүүнүн максаты жекече кызыкчылыкты көздөбөйт.

Саясый заказды аткарган камоолордун аягы эмне менен жыйынтыкталышы мүмкүн?

-Кыргыз саясатындагы камоолордун жыйынтыгы президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен далилденет. Ким бийликке келет ошого байланыштуу болот. Менимче саясый өңүттө камалгандардын иш-аракеттери боюнча, чыккан өкүмдөр  сөзсүз түрдө учуру келгенде кайрадан тергөө амалдары жүргүзүлүп, кимдин ким экендиги, кимдин канчалык деңгээлде коомго  зыян келтиргени, канчалык деңгээлде күнөөлөрү бар экендиги аныкталат.  Анткени ар кимдин өз чындыгы бар. Бүгүнкү күндөгү укук коргоо органдары менен сот, прокуратура органдарынын өз укук, милдеттерин одоно бузуп бир жактуу, өкүмзордук  менен күнөө тагып, өз билемдик менен таңуулап , миш миштерден, ооз эки айтылган, негизсиз, божомолдор менен  күнөө коюп, мыйзамсыз чечимдерди чыгарып,  камап жатышат. Алардын бул аракеттери  коомчулукта өтө опурталдуу ойлорду пайда кылып, нараазычылыктарды жаратып, пикирлердин кагылыштырып, күдүң-күдүң сөздөрдү жаратып жатышат. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Убакыт деген тараза. Ар кандай тарыхта болгон ыңгайсыз, татаал, өзгөчө окуяларга мезгили келгенде  тарых өз баасын берет. Жыйынтыктап айтканда, көп нерсе Президенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша өз түшүмүн берет. Себеби акыркы беш жылдан ашык убакыттан бери саясатчыларды камоо мыйзам бузуучулук менен камалып кетип жатканын коомчулук көрүп, билип эле жатат. Анткени, кылмышкерди адегенде алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүп, күнөөсү мойнуна коюлуп, айыбы угузулуп, коомго коркунуч жаратса гана камакка алынса,  мыйзам чечнемдүү болмок.  Бизде тескерисинче болуп жатат. Күнөөсү аныкталып, коюлуп, угуза электе эле адегенде  коркунучтуу кылмышкер  катары бир беренени мойнуна таңып туруп күнөөнү илип, каалагандай тергөө жүргүзүп,  биротоло камап жибергенге аракет кылышат. Мыйзам башынан бузулуп, адам укугу тебеленип, тепселип, катардагы жаран эмес, аттуу- баштуу саясатчылардын Конституциялык  укугу басмырланып, алардын үнү эч жерге жетпей жаткандыгы реалдуу жашоонун конкреттүү фактылары экендигин эч ким тана албайт. Бул ачуу чындык. Демек бул өңүттөгү маселелер бүгүн бүтүп кала турган окуялар эмес. Сөзсүз тарыхтын талабы боюнча саясый өңүттөгү камоолор кайрылып келүүчү, ачык жоопсуз, убактылуу орчундуу, көйгөйлүү маселе катары кала берет.

Бийлик эмнегедир Өмүрбек Текебаевди президенттик шайлоого катыштыргысы келбей түрдүү оюндарга жол берип жатат. Ал шайлоого катышууга укуктуубу?

-БШК Текебаев Өмүрбек Чиркешовичди  талапкер катары катттоодо түрдүү мыйзамсыз аракеттерди жасап жатат. Өз чечимдеринен өзү уялдыбы айтор чочугандай, өздөрү кабыл алган чечимдерине каршы чыгып, мамлекеттик тилден текшерүүдөн өткөрүштү. Тилекке каршы, анын талапкер болушуна бөгөт коюнун экинчи  себебин таап, 30 миң кол топтоосун жараксыз дешти.  Эми 3 күн убакыт калды. Бул маселенин жыйынтыгы бийлик менен БШК жана Текебаевдин иш аракеттеринин жыйынтыгына жараша болот.

Күнөөсү далилденбесе да камакка алынып, 11 жыл алты айга кесилген Садыр жапаров боюнча нелерди айта аласыз?

-Мезгили келгенде Садыр Жапаров боюнча  11жыл 6 айлык жаза берип , камоо чечимин чыгарган  соттор  тарых алдында жооп берет. Мен бир гана нерсени айта алам. Коюлган күнөө, тагылган берене жана негизги жабырлануучу болуп жаткан  адам Э. Каптагаевдин зар какшап, күнөөсү жок деп, сайраганын эске албай Садыр жапаровду камап жибергени сасый өңүттө экендигин, үнүңдү өчүрүп олтуруп тур дегендей ишаарат болгондугун мен эмес келесоо адам деле көрүп турду. Андыктан сабырдуулук менен чындык үчүн күрөшүп, мыйзамдуулук орношун, көлөкөсүнөн коркпогон, өз милдетин билген, чөнтөк соттор эмес, чечкиндүүсү чыгып, адилеттүлүктү орнотуп калабы деген үмүтүм зор.

 

-Президентти кшайлоо канча тур менен өтүшү мүмкүн? Чыныгы атаандаштык кайсыл талапкерлердин ортосунда болот деп ойлойсуз?

-Президенттик шайлоо 15-сентябрдан 15-октябрга чейинки бир айлык үгүт иштерин жүргүзүүдөгү өнөктүктүн канчалык мыйзамдуу өтүшүнө жараша болот. Эл талапкерлердин акыркы бюллетенге кала турган тизмеге жараша  ой жүгүртөт. Анткени, негизги карапайым эл , бүгүнкү күндө мурдагы көз карашта эмес. Өзгөчө жаштар жана турмуштан кыйналгандар акчага азгырылбаса, орто жана улуу муундардын көз карашы өзгөчө. Мамлекеттик , муниципиалдык жана бардык тармактагы бюджеттен айлык алгандардын көпчүлүк бөлүгү мойнунан байлангандай, элге каршы иш алып барышып, өздөрүнүн келечегине өздөрү каршы добуш бергени болбосо негизги күч карапайым эл өзү чечет. Президенттик шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүн. Себеби жетишээрлик бир бирине ар тараптан атаандаш болушуп, акча, административдик ресурс, кара күчтөр, элдин талабын көздөгөн бириккендер талапкерлер, каражаты жоктор болуп жалпы шайлоочуларды бөлүп- жарып добуштар мүмкүн болушунча бөлүнөт.Экинчи турда биригүүлөр ого бетер күчөйт. Ага чейин кимдин ким экендиги аныкталып калат. Админресурс элдин кыжырын кайнатып, шайлоо бузулуп кетиши да мүмкүн. Себеби форма-2 , кошумча түзүлгөн участкалар ачыктан ачык каруселдин жаңы формасы. Пикир келишпөөчүлүк ушул жерден чыгат. Ошондуктан акыбалыбыз өтө эле жакшы эмес. Кудай эле сактасын. Шайлоо тынч өтсө экен деп тилейли. Атаандаштык адамдардын эмес, көз караштардын, пикирлердин, чөнтөктүүлөрдүн жана аларды элге ашкере түшүндүрүүчүлөрдүн ортосунда өтөт. Жыйынтыгы жалпы шайлоочуларлын кабылдоосуна жараша болот.

Эл бу сапар жасалма шайлоону көтөрө алабы?

— Административдик ресурсту бүгүнкүдөй күчөткөн болсо, ийгилик болмок турсун, шайлоо бузулуп, нараазычылык күчөп кетиши мүмкүн. Эл таза эмес шайлоону көтөрө албайт. Себеби бардык ачуу, таттууну, кыйынчылыкты карапайым эл жутуп, чыдап, Президенттик шайлоонун таза өтүшүн күтүп , сабыр кылып келе жатат. Элдин үмүтүн өчүрбөйлү , тынчтык болсун деген талапкерлер жана аны уюштурган бийлик эркин тандоо деген чакырык менен элдин  тандоосуна мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек.

 

Чынайым Кутманалиева




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *