Кыргызстандагы уурулуктун эталондору

Кыргызстанда саясий турмуш боркулдап кайнап аткан убагы. Ошентип шайлоого даярдык башталды, премьер министр отставкага кетти. Оппозициянын кандидаттарынын коркунуч жарата тургандарын камап салып, бийлик бир өх деди бейм. Эми бизге боло турган өкмөт башчыны бир аз угушубузча сыпаттай кетсек. Сапар Исаков, президенттин аппарат башчысы, буга чейин да ар кандай чоң кызматтарды аркалаган. Бирок мунун жылдызын жандырган киши өзүнүн жердеши Аликбек Жекшенкулов болгон, антейин десең мурун Бакиевдин тушунда да ЦАРИИни жетектеген.

Мейли, иштесе иштептир маңдайына жазылганы ошондой болсо дейин десең мунун адресине толгон токой кылмыштуу иштердин тизмеги айтыла баштады. Эми аны узун тизмек кылып эсептеп отурбай бир эки гана мисал келтире кетели :

  1. Бажы уюмуна киргенде орустар жардамга берген 200 миң $ дын 129 миңин ап этип койгонун  айтып жатышат.
  2. Андан сырткары жакында эле Чехиянын «Лиглас» компаниясы менен болгон чырда да негизги ролду ойногон деген кеп бар. Ал компания ГЭС курмак турсун ал тууралуу түшүнүгү да жок экен.

 

Жогорудагыдай жолдор аркылуу бул адам Кыргызстандагы эң бай дегендердин катарын толуктаган. Бирок чиркин анын ар бир мамлекетти тоноо операциясы миңдеген мекендештердин чет жакка тентүүсү жана бюджеттен айлык, пенсия алгандардын көз жашы менен коштолгонун түшүндү бекен ? Эки жолку революцияны элибиз ушундайларды премьер кылабыз деп жасашты беле ? Сапар Исаков Кыргызстанды куруткандардын бирөөсү гана, булардын узун тизмегин бийликке жолотмок турсун уурдаганын мамлекетке төктүрүп, жазасын берсек  өлкөдө мыйзамдуулук орнобойт беле.

 

Шамил Жалилов




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *