Күч түзүмдөрүн реформалоого күчтүү эрк керек

«ИИМге реформа жасаш керек» -деп президент А.Атамбаев өз сөзүндө маселе көтөрүп келе жатат. Бул багытта бир топ жумушчу топтор түзүлүп иш алып барышты. Эми реформанын негизги максаты — укук коргоо органдарынын функцияларын, алардын ишмердүүлүгүнүн аймактарын так аныктоо, чектөө болуп саналат. Кайталанма функцияларды кыскартуу, көзөмөл жаатында иштин натыйжалуугун кылдат карап чыкпаса, системанын өзөгүнө залакасы тийип калышымы мүмкүн. Мына ошондуктан реформа кылдат терең ойлонулуп жасалыш керек. Биздин баамыбызда жаңы министр У.Исраилов Күч түзүмдөрүн реформалоого күчтүү эрк менен киришти окшойт. Августун башында ИИМде 6 өз алдынча кызмат түзүлдү . 1.Криминалдык милиция кызматы 2. Баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы 3. Ички тергөө кызматы 4. Тергөө кызматы 5. Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы 6. Коомдук коопсуздук кызматы.




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *