Реформаны жасайм десеңер министрден үйрөнгүлө

ИИМдин азыркы министри Улан Исраилов консерватизм менен реформалардын ортосунда ийкемдүү жол таба алган реформатор министр катары калат окшойт. ИИМди реформалоо боюнча Ак күй, Көк үй тарабынан сунушталып жаткан реформа “Системаныны өзөгүн талкалай турган реформа”- деп бир топ аналитиктер 2 жылдан бери добулбас урган . Чынында коомчулукта ИИМди реформалоо боюнча бүшүркөөлөр, кооптонуулар бар эле. Бирок министр Улан Исраилов гумандуулук, оор басырыктуулук менен тил табыша билүүчүлүк жана бир аз тобокелчил позицияда ал кооптонууларды жок кыла алды. Бул чынында эле министрдин жеңиши болду. Биринчиден министрлик кызматка келе калып эле чу дегенде чагылгандай реформа жасайм деп ашыккан жок. Экинчиден жөн салды пиардан алыс болду. Үчүнчүдөн чакчалекей кадрдык жүрүштөрдү жасабай , күтүүсүз кадамдарга барган жок. . Эң башкысы 9 айдын аралыганда ички структуранын ишин жетик анализдеп, кесипкөйлүк, көйгөй деген алкакта иштин башын баштаган. 9 ай ичинде министр технократ болуу менен башкаруучулук процесстерди беш колундай билгенге жетишип, майда нерсени да көз жаздымда калтырбай, көмүскө процесстерди да байкай билгени ИИМди чоң кыскартуулардан сактап калды. Министр Улан Исраиловдун жалпыланган бейнеси мына ушундай жаңы баракта ачылды .




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *