Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: «Тергөө органдары, соттор ошол барымтага алуу окуясынын негизги уюштуруучуларын жашыруунун аракетин көрүп жатат»

Эмилбек Каптагаев фейзбуктагы баракчасына кечээги адилетсиз соттун өкүмү боюнча төмөнкүлөрдү жазды. «Садыр Жапаровду соттошту. Максаттары ушундай экенин жашырышкан деле жок, томолоктоп-жумалактап салышты сот процессин дагы. Далилдери Кенжебек Жумабаевдин арызы, көрсөтмөсү. Ал — мени Садыр Жапаров жөнөткөн, анан Каптагаевди барымтага алганда телефоен менен сүйлөшүп турганбыз, Жапаров койо бербегиле, башка жактагылар да даяр болуп калышты деп айткан — деп айтыптыр. Макул дейли, Кенжебекти Садыр жиберди, барымтага алууну уюштур деп. Анда ошол эле Кенжебекти, жана башка дагы бир топ жигиттерди соттогон иштерди кайра бузуп, жаңы ачылган жагдайга байланыштуу, анан кайра тергеп, кайчылаш сурак жүргүзүп иштин жагдайын толук аныкташ керек эле да. Кенжебек Жумабаев тапшырманы кандай жол менен аткарды, кимдер менен сүйлөштү, ким эмне аракет кыла турганын кандай бөлүштүрдү, мындай пландоо иши кайсы жерде, кимдин үйүндө өттү деген сыяктуу суроолор көп да. Бул иштердин бири да аткарылган жок. Жөн гана Жапаровду барымта боюнча соттоп салышты. Далил жок. Ушундан улам бир ой келет — тергөө органдары, соттор ошол барымтага алуу окуясынын негизги уюштуруучуларын жашыруунун аракетин кылып жатат, болбосо бары колдорунда турат, бат эле териштире койсо болот болчу».




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *