Садыр көк жал. Ал эч нерседен жалтанбайт

Бүгүн тарыхта кара так менен жазылып калган оор күн болду. Кыргыздын мекенчил уулу, көк жал азаматы Садыр Жапаров ак жеринен 11 жыл 6 айга соттолду. Эмнегедир соттор да, жогору жактаылар да Эмилбек  Каптагаевдин дооматым жок дегени эске алган жок. Барынан кызыгы, 4 берене менен иш козголуп, үчөөндө акталып, Каптагаевди барымтага алды деген шылтоо менен 11 жыл алты айга катуу режимде камоо чечимин чыгарышты. Бүгүн ак жүрөк, элин чын дилинен сүйгөн, адилеттикти туу туткан Садыр Жапаровдун жок жерден 11  жыл алты айга соттолгонун угуп, элдин жүрөгү тилинип, ичи ачышып, бийликке наалат айтып отурат. Бирок, эл мекенчил уулу Садыр Жапаровду бийлик камап да, мууздап да сындыра албасына ишенет. Анткени, Садыр көк жал. Ал эч нерседен жалтанбайт. Кайда болбосун адилетсиздикке каршы турат. Анын эркин эч нерсе сындыра албайт.




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *