Бейшенбек Абдырасаков, экс-депутат:  «Бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы ушундай 1000 сомдон берсе, эл негрди деле шайлап коёт»

 

Экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков менен Кыргызстандагы саясый кырдаал жакындап келе жаткан президентик шайлоо жана аттанып жаткан талапкерлер тууралуу ой-бөлүштүк.

 

-Бейшенбек мырза, президенттик такты каалагандар эмитен эле укмуштуудай убадаларды берип, элдин ишенимине кирүүнүн жолун издей башташты. Алар берген убадалар аткарылат деп ишенсек болобу?

-Ар бир шайлоонун алдында адаттагыдай эле бир ай элди  алдап, тирдүү убадаларды беришип, “БЕЙИШКЕ»» чыгарышат. Бекер тамак, арак, белек-бечкек, концерт, акча беришет. Кыскасы, элдин добушун алуу үчүн болгон аракеттерин жасашып, кулагына , “лапша» илишет. Бекер окуу, свет, дарылоо, транспорт бардыгы бекер болот дешет. Негизи 26 жылдан бери элди алдаганды өздөштүрүп алгандар түрдүү нерселер менен элдин добушун алышат. Бирок, эл эч кимге деле ишенбейт. Болгону, “эртеңки жамбаштан бүгүнкү өпкө артык» деген принцип менен жашайт. Элди акча берип  бузуп коюшту. Азыр эл миң сомдон берсе , “негирди» деле шайлап койот. Акчанын азабынан ушундай акыбалга келдик. Анын үстүнө элде жакырчылык, жумушсуздук, кайдыгерлик, ишенбөөчүлүк.

-Өмүрбек Бабановдун берген убадасына аз болсо да ынансак болобу?

-Мен анын айткан убадаларынын 100 пайызына эмес, 1% ынанса болот деп ойлойм.

Анткени, Кыргызстанды өнүктүрүүнү аз убакытта эмес, Назарбаевдей болуп 30- 50 жылда деп айтса реалду болмок. Биздин экономика менен газ, нефт, чыкпаса, завод, фабрика жок болсо, эч нерсе өндүрбөсөк экспорт- импорттун абалы тиги болсо анан кайдагы өнүккөн мамлекет тууралуу кеп кылабыз.

-Бакыт Төрөбаевдин айткандарычы?

-Башкаларга салыштырмалуу мен  Бакыттын айткандарын туура көрүп турам. Анткени,  президент үнөмдөөнү өзүнөн башташ керек. Баардыгын кыскартыш керек , 120 депутаттын кичинекей Кыргызстанга кереги жок. Чынында Кыргызстанга 7 областан 10 дон 70 эле депутат жетет. Толтура министр,  губернатордун, акимдин 450 айыл өкмөттүн эмне кереги бар. Буларды кыскартпааск билинбегени менен бюджеттин баары ушуларга эле кетет.

-Эмне үчүн Кыргызстанда президенттик шайлоо болот десе эле мүмкүнчүлүгү бары да, жогу да каттоодон өтүп, президент болгонго ашыга беришет?

— Кыргызбыз да, баары табиятынан башкарганды, папка көтөргөндү жакшы көрөт. Башкаргыбыз келген сапат каныбызда бар. Ошон үчүн шайлоого аттанып жаткан талапкерлерди  бир топко бөлүп карасак  туура болот. Биринчиси, 26 жылдан бери президенттикке талапкер болуп, “ДЕЖУР” болуп калгандар. Экинчиси, атың чыкпаса, жер орттө дегендер. Үчүнчүсү,  бийлик атайлап, кимдир бирөөнү өткөрбөш үчүн ошол региондон койдуруп, реалдуу талапкерге тоскоолдук уюштуруу үчүн каржылап берет. Төртүнчүсү,  чыныгы президент болом дегендер. Маселен, Жеенбеков, Бабанов, Төрөбаев, Сариев. Негизги таймаш ушулардын ортосунда болот.

Мурдагыга салыштырмалуу бу сапар аялдардан да президентикке ат салышчулар көбүрөөк болот экен. Бул нерсе эмнеден кабар берет?

-Аялдардын президентикке талапкер болуп көбүрөөк каттала баштаганы демократиядан кабар берет.  Мындан чоочулабай деле койоск болот. Бул жакшы жышан, жакшы көрүнүш. Бирок, өкүнүчтүүсү  бүгүнкү акыбалды, саясый кырдалды, менталитетти, аялдардын коомдогу ордуна баам салып реалдуу караганда аялдар  капа болушпасын президенттикке өтө алышпайт. Бүгүнкү кундун ачуу чындыгы ушундай.

Сиздин баамыңызда президент сүрөгөн аам ийгиликке жетеби же башка адамга президенттик так буйруйбу?

-Ким бийлик ишенген талапкер болсо, анын чөнтөгүндө бир миллионго жакын добушу болот. Булар маммекемеде иштегендер, ошолордун тууган-туушкандары, мугалимдер, врачтар, соттор, күч органдар, министерство, ведмстволор жана башкалар. Андан тышкары админстративдик рычактар колдонулуп, мамимараттар, транспорт, адам ресурстары баары бийлик сүрөгөн талапкер үчүн шарт түзөт. Кыскасы, бийлик сүрөгөн талапкерге  оңой болот. Бийлик менен алакасы  жок талапкерлерге кыйын эле болот. Бийлик бийликтигин кылып, болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонот. Негизги атаандаштык Жеенбеков менен Бабановдун ортосунда болуп,  тең тайлашып, 50% 50 болуп, жыйынтыгында 5% добуш көп алды деген нерсе менен бийлик жеңип кетиши мүмкүн.

-Эмне үчүн башка мамлекеттерде реалдуу атаандаштар гана шайлоого аттанат. А бизде болсо, көзү ачыгынан баштап чыныгы президенттикти көздөгөндөргө чейин катышат?

-Дүйнөлүк практикада  өнүккөн өлкөлөрдө, 2 эле партия болот. Бири бийликке келсе, экинчиси оппозицияда калат. Башкача айтканда,  мыйзамдын негизинде утканы менен утулганы орун алмашкан туруктуу система, салттуулук орун алган. Аларда  мыйзамдуулук 200- 300 жылдан бери каккан казыктай орноп калган үчүн аларда чыныгы реалдуу талапкерлер гана чыгат. Анткени, алардын  саясый маданияттуулугу, жашоо дээңгели, аң сезими, акыл-эси дегендей көптөгөн бизде жетишпеген критерийлер бар. Биз алардын дээңгелине жетиш үчүн кеминде  200- 300 жыл керек. Ичип, жеп атып, сатып, качып кеткен бийликтердин дээңгели менен.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак, «Майдан кж»

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *