Рита Карасартова, президенттикке талапкер: «Мени айымдар, жаштар жана соттун адилетсиздигинен жабыркаган адамдар колдойт деп ишенем»

 

-Рита эже, сиз президент Сооронбай Жээнбековду ачык айтып, ага ишеним артып, алдыга сүрөгөнү мыйзамды бузду деп БШКга арыз менен карылганы жатыпсыз. Бирок, БШКнын айрым мүчөлөрү сиздин арыз жете электе эле апрезиденттин мыйзам бузбаганын айтып чыкты го?

-Негизи БШК менин арызым жеткенче эле реакция кылып, өз пикирлерин билдиргени туура. Кандай пикир билдирди ал экинчи маселе. Мен адилетсиздикке каршы күрөшкөн адаммын. Ошондуктан, президенттин одоно катачылыка жол бергенин айтып, БШКга кайрылып жатам. Шайлоо алдында президент антип эч бир талапкерге жан тартып сүйлөбөшү керек. Президент калыс болуп, баарын жогору жактан карап турушу керек.

Мен арызды эртен алып барам

-Анткениңиз менен президент алмазбек Атамбаев Москвадан келер замат Сооронбай Жээнбековду колдоорун ачык айтып чыкты. Мындан улам Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги кремиль менен макулдашылдыбы деген  суроо жаралып жатат. Ишенсек болобу? го

-Ишенсе болот, бирок бул маанилүү эмес. Себеби, биздин президентти башка өлкөнүн бийлиги бекитпейт. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбековду Кремиль сүрөп жатат деген күндө дагы Кыргызстанга ким президент болоорун кыргыз эли чечет.

-Президенттик шайлоого катышам деген ойдо эле турасызбы же пикириңиз өзгөрдүбү?

-Буюрса, бүгүн БШКга  арызымды таштайм. Өзүмдү элдин элегине салып көрөйүн деген оюмдан кайта элекмин. Буюрса шайлоого аттанам. Бул чечимди жалгыз мен кабыл алган жокмун. Анткени, мени шайлоого катыш деп сүрөп, колдогондор көп болду. Ошолордун пикирин сыйлап, шайлоого аттанып жатам. Адилеттик, акыйкаттык үчүн күрөштү улантам.

-Сизге президенттик шайлоого катышы үчүн көрсөтүлгөн бир миллион сом күрөөнү табыш кыйынчылык жараткан жокпу?

-Каражат маселеси татаал болгону менен аны чечсе болот. Буюрса, элге кайрылам. Кандай болгон күндө дагы мен жоопкерчилик алганга даярмын…

-Президенттик шайлоодо сизди элдин кайсыл катмары колдойт деп ишенип турасыз?

-Айымдар, жаштар жана соттун адилетсиздигинен жабыркаган адамдар, адилеттик, калыстыкты туу тукандар  колдойт деген ишенимдемин.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак, «Майдан.кж»




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *