Акин Токталиев, адвокат, укук коргоочу: “Садыр Жапаровду жашыруун материалдарды жарыкка чыгарып жибербесин деп жабырлануучусу жок болсо да камап отурушат”  

 Адвокат, укук коргоочу Акин Токталиев менен мамлекетибизде орун алып жаткан жагдайлар тууралуу сүйлөшүп, пикир алыштык.

 -Президент эмнегедир Сооронбай Жээнбеков боюнча пикирин ачык айтып, аны сүрөдү. Президент башы менен шайлоо алдында  мыйзам бузду деп БШКга кайрылган кесиптештериңиз да болду. Буга не дейсиз?

— Азыркы учурда КСДПнын жен ичинде талаш тартыш жүрүп жатат. Ошондуктан ушул күнгө чейин татыктуусун көрсөтө албай турушат.  Чынында КСДП 3-4кө бөлүнүп, чоң талашты спикер Чыныбай жаратып жатат. Ал дагы президенттикке мен татыктуумун деп турат. КСДП ич ара бир келишимге келе албай жатканда, аргасыздан атамбаев Сооронбайды көрсөтүп жиберди жана эл муну кандай кабыл алат деп турган кези. Ошон үчүн кызды күйөөгө берерде мактагандай болушунча эби келсе да, келбесе да мактап жатат. Чынын айтсам  Атамбаев Сооронбай жээнбековду атайын саясий оюн уюштуруп, элге сынатып жаткандай сезилет. Башкача айтканда, кийин сен элге жакпай калдың, КСДП колдобой койду деп, саясий оюндан саясий жол менен чыгарып коетко деген ойго эмнегедир көбүрөөк ынанып турам. Ошондуктан мыйзамды одоно бузу жолу менен президент оомдук пикир жаратып жатат. Сооронбай Жээнбековду элге жаман көрсөтүш үчүн, рейтингин түшүрүш үчүн, граждандык активистер БШКга арыз менен кайрылып, аны президент сүрөп жатат деп эл алдында абийрин кетирүүгө далалат жасап жатышат.

-Президенттик институттун баркы кеттиби же элдин баарынын президент болгусу келеип  жатабы бу сапар деле татыктуусу да, татыксызы да президентттик кызмат үчүн ат салыша турганын жарыялап жатышат. Алардын көбү мыйзамда көрсөтүлгөн 1 миллион күрөөнү төлөй алышабы же жөн эле ат жасап алыш үүчн ат салышам деп чамынып жатышабы?

— Президенттик шайлоонун күрөөсүн 100 миң сом эмес 100 миллион сомго көтөргөнүнө да элдер талапкерлигин коё берет. Себеби, президенттик кызматтын баркы кеткен. Ошон үчүн атың чыкпаса жер өрттө дегендердин баары башкача айтканда,  Эшмат, Ташмат, Жарматтар атын чыгарыш үчүн, мен дагы Президенттике талапкер болуп жатышат. Алар аягна чейин барбаса да,  тизмеде бир нече күн илинип туруш үчүн ошол кадамга барышат.  Убагы келгенде алар тизмеден өздөрү чыгып кетет же БКШ 1 миллион акча төлөгөн жок деп  тизмеден чийип коёт. Ошондо булар менин Конституциялык укугум бузулду деп, саясий оюн баштап, БКШны сотко берип, Конституциянын негизинде ар бир жаран Президет боло алат, бирок ал Конституцияда 1 млн. төлөйт деген берене жок деп, чырдап чыгышат. Себеби,  Президенттик кызматтын баркы кеткен. Ошон  үчүн жок жерден ат жасап алгысы келгендер чекеден чыгат.

 

-Жабырлануучусу жок болсо да, митингде күйгөн автобустун ээсинин да, айдоочусунун да, барымтага алынган Каптагаевдин да дооматым жок дегенине карабай Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртпөй жатышат.  Садыр Жапаров өзү айткандай чымындай болгону менен  төөдөй маселени көтөргөн үчүн ушундай абалга кептелип жаткан жокпу?

-Садыр Жапаров  2013-жылдын 3-октябырнда Кыргызстанда жок болчу. Ал мезгилде инисин  чет мамлекетте дарылатып жүргөн. Ал эми Эмилбек Каптагаев барымтага 7-октябрда алынган. Жабырлануучу жок болсо да, бийлик Садыр чет мамлекетте жүрүп, телефон аркылуу митинг уюштурган жана барымтага алгыла деп буйрук берген деп айыптап жатышат Себеби, Садыр Жапаров  “Кумтөр” боюнча  бийликке каршы келген жашыруун фактыларды, материалдары даярдап койгону үчүн  мыйзамды одоно бузуу жолу менен жалган шылтоолорду илип, элге жарыялап жибербесин деп жалган көрсөтмө менен камап коюшту. Ошондой эле бийликтегилер бул нерсени Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылбаш үчүн уюштурушту. Бийлик президенттикке  өз кишилерин өткөрүш үчүн ошондой саясий сасык оюнга барышты. Башкача айтканда,   түрмөдө жаткандардан жалган көрсөтмө алышып, аларды алдап тез арада чыгарабыз дешип жатышат. Садыр жапаров бийлик алмашкандан кийин гана чыкпаса азыркы бийлик чыгарбайт. мыйзам бузуу жолу менен соттоп жиберишет.

-Неге Садыр жапаровду эле эмес, анын агасын, уулун жана тарапташырын кошо камап жатат. Аларды соттоодо аз болсо да адилеттик өкүм сүрөбү же камап салуу аракети күч болобу?

— Негизи Садыр Жапаровду жанан анын тарапташтарын, жакындарын саясий заказдын негизинде камап жатышат. Калгандарына үлгү болсун деп  мыйзам бузуу жолу менен баарын соттойт. Чынын айтыш керек Акаев- Бакиевдин мзгилинде мындай болгон эмес. Кукугунтук болсо бир кишиге эле болчу. Азыркыдай кылып, үй бүлөсү менен, тууган-туушкандары менен камакка алынган эмес. Садыр жапаровдун жана анын камактагы тарапташтарынын  тагдырын соттор чечпейт, Президент чечет. Ал тергөө учурунда ачык эле айтпадыбы «Каракол шаарындагы митингди Садыр Жапаров уюштурду деп. Президенттин бул сөзүнөн кийин соттор кантип мыйзамдуу өкүм чыгармак эле.  Садыр Жапарвду бул бийлик  12-15 жылга соттойт. Бирок, бийлик алмашканда акталып чыгат. Болгону атамбаев качып кетпесе эле болду. Себеби, камагандар жана соттогондор тагдырдын тамашасына кептелип, жасаган туура эмес иштери үчүчн былыктары чыгып,  өздөрү соттолуп калышчу эле.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак, «Майдан кж»




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *