Динар Акматова, гуаша массажынын адиси: “Гуаша массажы организмди тазалап, уйку бездин, жүрөктүн иштешин жакшыртып, адамды 15 жылга жашартат”

 

Бу сапар кытайдын кылым карыткан гуаша деген масажы менен 10 жылдан ашык алектенген, Кыргызстандагы жалгыз адис Динар эжени кепке тартып, аталган массаждын дарылык касиети, башка массаждардан артыкчылыгын билүүгө аракет кылдык. 

“Массаждан кийин аркага түшкөн сүрөт аркылуу адамдардын дартын аныктайм”

-Гуа -кыруу, ша- жаман энергияны чыгаруу дегенди түшүндүрөт. Бул массаж бир саат жасалат. Биринчи 20 мүнөттө арканы  укалап, экинчи 20 мүнөттө таза энергияга бай буйволдун мүйүзү менен кырам. Үчүнчү 20 мүнөттө массаждын эрежесин сактап, кайра колум менен укалайм. Ошол мезгилде адамдын үч бөлүктөн турган аркасына (жонуна)    теринин алдындагы майда кан тамырлардын жардамы менен  жаман кандар териге чыгып, бир жериңди уруп алгандай көк ала болуп,  жонуна  сүрөт түшүп калат. Ал сүрөт массаж алып жаткан адамдын кайсыл органы начар иштегенинен, кайсыл органында маселе көп экенинен кабар берет. Ошол сүрөт аркылуу диагноз коюп, кардарларымдын жанын кыйнаган дартынан сакайтууга жардам кылам.

Башкача айтканда, алгач маселе   дем алуу органындабы, тамак сиңирүү органындабы же эндокриндик системада экенин  ажыратып билип алып, ошого жараша дарылоо процессин баштайм.

“Бир жолу жасалган  гуаша массажы башка массажды 10 жолу алганга же 35 километр чуркаганга барабар”

Негизи гуаша массажынын касиети өтө күчтүү. Ошондуктан, бир гуаша массажы 10 жолку массаждын баштан буттун учуна чейин алган түрүнө  барабар  болот. Же болбосо узакка 35 километрге чуркап барганга барабар күчкө ээ болот. Ушундай артыкчылыкка, дарылык касиетке ээ болгондуктан, гуаша массажы күнүгө эмес,  жумасына эки же бир гана жолу жасалат. Аталган массаждын бир курсу адамдын дартына жараша аныкталат. Башкача айтканда, 10 жолудан же  20 жолудан  турат.

“Буйволдун мүйүзү денеге тийер замат адам кара дубалардан арылат”

Аталган массаждын дагы  бир артыкчылыгы, өзгөчө касиети массаждын экинчи бөлүгүндө колдонулган  буйволдун мүйүзүндө. Тагыраак айтканда, буйволдун мүйүзү жакшы, таза энергияга бай болгондуктан,  адамдын денесине тийер замат организмди талкалап, адамды артка тартып, ныксыратып  жаткан терс, жаман энергияларды чыгарып, кара дубаларды денеден кууп чыгып,  баштын ооруусун, желкенин тырышуусун, далынын уюшун жок кылып, адамдардын жакшы иштөөсүнө, алдыга умтулушуна шарт түзөт.

 

“Бул массаж 400 дартка даба болуп, адамдын өңүн 3-4 тонго агартат ”

Аталган  массаждын дагы бир касиети  массаж алып жаткан мезгилде  адамдын организминде тазалануу, дарылануу жана кан айланууну, зат алмашуу  процесси жүрүп, адам 15 жылга  жашарат. Уйку бездин иштөөсү нормалдашат.  Башкача айтканда, адамды алсыратып жаткан 400 дартка даба болот. Айтайын дегеним, бул массаждын түрү  адамдын организминдеги уулу заттар шлак, таксиндерди заара аркылуу чыгарат. Ошон үчүн массаждан кийин адамдын өңү 3-4 тонго агарып, колтуктарындагы  кара тактар кетип, көзүнөн нуру чачырап калат.

Ошондой эле аталган массаж  инсулть  дартына чалдыгып, арыктап кеткен адамдардын торолушуна, эттенишине жакшы жардам берет. Кан диабетинен жабыр тарткандарга оң таасирин тийгизет. Гуаша массажын алгандан кийин кант диабетинен жабыр тарткандардын организминде канттын көлөмү азайтат. Кандай стадиядагы рак болсо да, аны жеңүүгө жардам берет. Жүрөк кан тамыр ооруларынан сакайтат. Себеби, массаж алганда кан айлануу жакшырат. Иммунитет көтөрүлөт жана адам кандай дарт болбосун жеңип чыга турган күчкө ээ болот.

“Бетке жасалган гуаша массажы көздүн көрүүсүн, мээнин иштөөсүн жашыртып, даамды сезүүнү жакшыртат”

Ошондой эле бул массаждын түрү аркага (жонго) эле эмес, бетке да жасалат.

Бетке жасалганда адамдагы чыңалып  калган психикалык  кыйналууну кетирет. Ошондой эле чарчоону жок кылат.  Бул массажды бетке алууда көздүн көрүүсү да, мээнин иштөөсү да жакшырып,  мээге кислород жетип, унутчаактыкты жоготуп, даамды сезүү, жытты билүүнү ойготот.

Гуаша массажынын дагы бир мактоого арзыган жери бул жеңил массаждын түрүнө кирип, дене оорубайт. Ошондой эле массаждын алдында жана массаж бүткөндөн кийин ичилгенин суунун жардамы менен организм болуп көрбөгөндөй тазарып, уулуу заттардан арылат. Негизи массаж алып турган адам алгач бир стакан  суу ичет. Массаж бүткөндөн кийин дагы бир стакан суу ичет. Калган сууну адам салмагына жараша ичет. Башкача айтканда, салмагын 03кө көбөйтүп сууну ошого жараша ичет.  Маселен, адамдын салмагы 100 кг болсо, 3 литр суу ичиши керек. Салмагы 50 кг киши болсо, массаж алып жүргөн маалда бир жарым литр гана суу ичет. Мына ошол суулардын жана гуаша массажынын жардамы менен  организм болуп көрбөгөндөй тазаланып, денедеги кара тактар кетип, бет агарып, ички органдардын иштөөсү жакшырат.

Жана күндүн нурунан алган зыяндуу нерселерди  жок кылат. Себеби, күндүн нуру адамды өстүрүп да, өлтүрүп да коёт

“Гуаша массажын үйрөнөм дегендерге үйрөтүүгө даярмын”

Аталган массажды маанайыңызга  же убактыңызга карап да алсаңыз болот. Себеби, бир жумада эки жолу же бир жумада бир эмес, жылына эки жолу алсаңыз да, маанайыңыз түшүп турганда жасатсаңыз да болот. Мен бул массажды башка жакта бир жолку жасалганына 1000 сом алчумун. Кыргызстандагы экономикалык абалды эске алып, азыр 600 сомго түшүрүп койдум. Кыргызстан боюнча кытайлардын дипломуна жалгыз ээ болгон адис болгондуктан, бул массаждын түрүн үйрөнөм дегендерге эшигим ачык. Кааласа окутуп, гуаша массажынын сырын үйрөтүүгө даярмын.

P\S. Гуаша массажын алып, ден соолугун чыңдайм, жанымды кыйнаган дарттан арылам дегендер болсо,  0705 21-93-18, 0554-0338-88, 0778 01-27-33 номерине байланышсаңыздар болот.

 

Чынайым Кутманалиева




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *