Чындык акырындык менен калпып чыга баштады

Бийлик Садыр Жапаровду тосуп алабыз деп митингге  чыккандарды күчкө салып, камаганы менен чындык акырындык менен калпып чыга баштады. Айтайын дегеним, бийликтегилер канчалык опурталдуу жагдайдай сүрөттөп, коомчулукка терс таасир тийгизген адамдардай таасир калтырууга аракет кылышканы менен 15-июндагы соттук отурумга чакырылган күбөлөрдүн жообу жылмайтууга аргасыз кылды. Алсак,  Манас Байбосунов деген күбө «мен суралып жаткандарды тааныбайм.  Митингге чыккан Сабыр Жапаровдун мыйзам бузган аракетин көргөн жокмун. Суралып жаткандар менин ден соолугума зыян келтирип кийимимден жулкуган эмес»-деп агынан жарылды.

Дагы бир 10-башкармалыктын кызматкери Салават Бекбоев деген күбө «Булар ошол күнү автобустун айнегин сындырбаганда соттолушпайт болчу. Жөн жерден административдик айып салынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышты», — деди. Күбөнүн бул сөзүнө мамлекеттик айыптоочу«сиздин милдеттериңизге ишке укуктук баа берүү кирбейт. Ошондуктан сиз буларга баа берүүңүздү токтотуңуз», — дегенге да үлгүрдү.

Ал тургай 12 адамдын тагдыры чечиле турган сотто ошол күнкү көрсөтмө эсимде калбаптыр деген күбөлөр да болду. Айтайын дегеним, аймактык тескөөчү  Бектур Чомоев: «25-март күнү биз митинг болуп жаткан жер — УКМКга барганбыз. Бизди жетекчилик жөнөткөн болчу. Мен азыр темир тордо отургандарды убакыт өтүп тааныбай калдым. Мен тергөөгө берген көрсөтмөмдү туура көрөм», — деп болгонун болгондой айтты. Ал түгүл камактагылардын бирин да тааныбасын мойнуна алды.

Бирок, анын мындай жообуна жактоочу Шарабидин Токтосунов: «Сиз эсимде калбаптыр дейсиз, айтсаңыз, тергөөдө эмне деп көрсөтмө бердиңиз эле?» — деди.  «Андан бери көп иш-чара болуп өткөндүктөн эсимде жок», — деп аймактык тескөөчү дагы кайталады.

Аймактык тескөөчүнүн эсимде калбаптыр дегенине ачууланган жактоочулар: «Сиздин эсиңизге сактооңуз начар экен. Бул жакта адамдын тагдыры каралып жатса, эч нерсени эстей албайм дейсиз. Сотко келгенде тергөөдөгү көрсөтмөмдү колдойм дегениңиз өтпөйт. Судьяга баарын айтышыңыз керек. Силерди эми түшүнсө болот, жетекчиңер жазып берген кагазга кол коюп бердиңер да», — дешти. Ошондой эле жактоочулар судьяны күбөнүн тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп берүүсүн өтүндү. себеби, буга чейин күбө Чомоев көрсөтмөсүн кыргыз тилинде берсем керек эле деп жаткан. Бирок судья анын көрсөтмөсү орус тилинде жазылган экен деп окуп баштады. Залдагылар «күбө жадакалса кайсы тилде жазганын да өзү эстей албайт» деп нааразы болушту. Жактоочу күбөгө «орус тилинде жазыптырсыз, эгер чын эле орусча билсеңиз мага орус тилинде жооп бериңизчи» деп суроо узатты. Бирок, жооп алалган жок.  Садыр Жапаровдун тарапташтары анчалык мыйзам бузбаса да, алар эч кимдин ден соолугуна зыян келтирбесе да,  12 адамдын арзыбаган нерсе үчүн СИЗОго камалганына үч айга чукулдап калды. Арзыбаган иш үчүн камалып, азап чегип жаткан Садыр Жапаровлдун тарпташтарынын, бир тууганынын, уулунун  убалы кимге? Жогору жактагылар атасынын көтөргөн маселеси үчүн баласын, бир тууганын камап, аны колдоп чыккан тарапташтарын соттоп өч алайын деп жатабы?




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *