НАТО ИМ ге сокку урат

НАТО, терроризм, Орусия коркунучу

АКШнын президенти Дональд Трамп январь айында кызматка киришкенден бери чет өлкөгө чыккан биринчи сапарында дүйнөлүк үч диндин борбору саналган Сауд Аравиясында, Израилде жана Ватиканда болду. Андан соң Трамп Брюсселге сапарын улады. Белгиянын баш калаасы Батыштын баалуулуктарын жайылткан саясий жана экономикалык борбор.

Ак үйгө келгиче “Адегенде Америка”, андан кийин гана башкалар деген позицияны көтөргөн Трамп дүйнөлүк лидерлер менен бетме-бет отуруп, терроризм коркунучу, коопсуздук жана коргонуу, глобалдык жылуулук, эркин соода боюнча пикир алмашты.

25-майда Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн бейформал саммити өттү. Альянстын терроризмге каршы күрөшкө салымы, коргонуу чыгымдарын көбөйтүү — күн тартибине коюлду.

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги жыйынды утурлай мүчө мамлекеттер «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы эл аралык коалицияга НАТОнун өзүнүн кирүүсүн макулдашарын жарыялаган. “Бул НАТОнун терроризмге каршы күрөшкө берилгендигинин белгиси болот жана коалициянын алкагындагы координацияны чыңдайт” -, деген Столтенберг ошол эле маалда “НАТО согуштук аракеттерге катышат дегенди туюндурбасын” түшүндүргөн.

НАТОго мүчө 28 мамлекеттин баары тең эл аралык коалициянын мүчөлөрү. АКШ баштаган 68 мамлекет кирген колацияга НАТО өзү уюм катары ушуга чейин кошулган эмес.

Буга чейин Франция, Германия, Италия сыяктуу өлкөлөр бир чети араб мамлекеттери менен мамилени бузуп албайлы деп аярласа, экинчи жагынан Түндүк альянстын “Ислам мамлекети” тобу менен кургактагы согушка аралашы калышы мүмкүн деп каршы болуп келишкен.

Эми НАТО коалицияга расмий кошулуу менен “Ислам мамлекети” тобуна каршы операцияларды AWACS чалгын учактары аркылуу кеңири колдоорун альянстын расмий өкүлдөрү билдирди.

НАТО жыйынына алгачкы ирет катышкан АКШ президент Трамп “Орусия коркунучун” көтөрүп, “НАТО келечекте башкы көңүлдү терроризмге, иммиграцияга, Орусиядан, чыгыш жана түштүк чек араларынан келген коркунучтарга бурушу керектигин” айтты.

Саммитте дагы бир башкы маселе — коргонуу чыгымдарынын көбөйтүлүшү тууралуу сөз болду. Баш катчы Столтенберг альянска мүчө өлкөлөр “10 жыл аралыгында ички дүң өнүмдүн 2% коргонууга сарптоого жетишүү каралганын” эске салды.

Аскерий уюмдун чыгымынын 70% жапкан АКШнын президенти “НАТОнун мүчөлөрү акыр аягында адилет салымын кошуп, каржылык милдеттенмелерин аткарышы керектигин” эскертти.

2% эрежени былтыркы жылы аскерий альянстын ичинде Британия, Польша, Эстония, Греция гана аткарган.

“Чоң жети” Сицилияга чогулду

Дүйнөдө чоң экономикасы бар өлкөлөр кирген “Чоң жетинин” эки күндүк жыйыны Италиянын Сицилия аралында өттү.

26-майда Таормина шаарында анын лидерлери жасаган билдирүүдө террорризмге каршы күрөштү күчөтүүнү жана соода жүргүзүүдө бир пикирге келүү макулдашылганы айтылат.

Лидерлер АКШ президенти менен климаттын өзгөрүүсү боюнча маселеде тил табыша алган жок. Трамп өзү дагы Твиттер баракчасына “Париж келишими боюнча акыркы чечимди кийинки аптада кабыл алам” – деп жазды.

Булак: «Азаттык»




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *