Кошунаң ким экендигин билип ал

Өзбекстандын эң бир таасирдүү адамы болгон Ислам Каримовдун саясатын, эң эле жок дегенде анын тышкы саясатын, түшүнүү жана жандырмагын жандыруу жеңил иш эмес. Бир аз мурда Казакстан Республикасынын президенти  Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусунда ал эгерде Тажикстан менен Кыргызстан, анын айтымы боюнча, чөлдүү Өзбекстанга келе турган суунун көлөмүнө таасир бере турган гидроэлектрстанцияларды курууну улантса, бул акыры аягы согушка алып келиши мүмкүн экенин айтты.
Ошол эле маалда Өзбекстан өзүн Россиядан да алыстатты жана АКШнын көңүлүн алыш үчүн көп күч-аракет жумшап жатат. Вашингтон Өзбекстандын ниетин баалады жана дароо эле Ташкенттин катуу диктаторлук башкаруусу менен адам укуктарынын бузулушуна карата өзүнүн сын айтканын эсинен чыгарып салды. АКШнын мамлекетти катчысы Хиллари Клинтон Ташкентке келип кеткенден кийин, Каримовдун режими дүйнөлүк коомчулуктун алдында толук бойдон өзүнүн беделин оңдоду. АКШ абдан көп сандагы куралды убада кылды жана анын көп бөлүгү Кошмо Штаттар 2014-жылдын аягында чыгууга ниеттенип жаткан Афганистандан келмекчи.
Көпчүлүк россиялык байкоочулар Каримов Москванын колдоосун же болбосо  ошол эле россиялык байкоочулар айткандай, “тирек болуусун” АКШга алмаштырууну чечти деп айтышууда. Өз кезегинде Вашингтон жакын арада өзүнүн базасын бул борборазиялык мамлекетке жайгаштырууну пландап жатат.    Алардын пикиринде, АКШ Каримовдун режиминин жана аны менен анын үй-бүлөсүнүн жашап кетишине кепилдик бере турган жалгыз мамлекет болуп эсептелет.
Каримовдун  режимин мындай көз караш менен кароо туура эмес  же болбосо, тактап айтканда, тажрыйбасыздык болуп саналат. Кепти мындай адамдар эмдигиче эле АКШ чыны менен өз союздаштарын коргоого күчү жеткен жана даяр болгон кубаттуу империя деп эсептешээринен баштасак. Мындан тышкары алар “Каримов адашууга жетеленип кетти жана орустарга каршы болуучулукка  баш койду окшойт”, — деп боолголоп жатышат.
Чындыгында бул андай эмес. Ал АКШнын Ирактан аскерин чыгарып кеткенин байкап турган жана мүмкүн болуучу жыйынтыктарга маани бербей туруп, Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылып кетиши жакындап калганын  сезүүдө. Ал ошондой эле Вашигтон күчтүү лидерлерди сүрүп чыгууда акыры аягы АКШ үчүн өлүм коркунучу менен барабар болгондой, радикалдык  исламдык элементтер үстүгө калкып чыккан өзүнүн тажрыйбасыздыгын көрсөткөн Ливия менен Египеттеги окуяларды да карап турду. Ошондой эле Америка өзүнүн ишенимдүү союздашы Хосни Мубаракты кантип таштап кеткен кезин көрдү.
Мындай жол менен Каримовдун АКШ менен мышык-чычкан ойногону анын америкалык колдоого ээ болуу каалоосу менен байланыштуу эмес. Анын иш-аракеттери ар-түрдүү себептерге шартталган. Ага АКШнын коргоосу менен колдоосунун кереги жок. Каримовго Борбор Азиядагы анын атаандаштары менен күрөшүү үчүн америкалык курал керек. Өзбекстандын коңшулаш Тажикстан жана Кыргызстан менен көп сандаган чечилбеген маселелери бар. Чындыгында Өзбекстандын жогоруда аталган Борбор Азиянын эки мамлекети менен дайыма чегара чатактары болуп келет.
Кыргызстан Өзбекстан үчүн кандайдыр бир коркунуч туудурбайт. Өзбекстан менен Тажикстандын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Фергана өрөөнүндө негизинен өзбектер жашайт. 1990-жылы жана 2010-жылы Кыргызстанда улуттук негизде кагылышуулар келип чыккан. Кыргызстандагы өзбектердин абалы Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы немис-фашисттик аскерлерди куткаруучулар катары кабыл алышкан Чехословакиядагы Судеттик немистердин ролуна окшош. Буга окшогон жагдай болуп кетсе, өзбек азчылыгы Каримовду же анын ордуна келген башка бир башкаруучуну куткаруучу же боштондукка чыгаруучу катары кабылдоолору мүмкүн.
Кыргызстандын түштүк бөлүгү Өзбекстанга  сөзсүз түрдө эле кошулуп кетпейт, бирок Ташкенттин кол алдындагы мамлекет болуп калышы мүмкүн жана Россиянын Абхазия менен Түштүк Осетия сыяктуу так-теке мамлекетине айланып калышы ыктымал. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чатак Өзбекстандын популярдуулугун жогорулатып, ал өзүнүн катуу башкаруусуна актануу таба алмак. Бир тааныш өзбек “көптөгөн өзбектер, айрыкча орто таптын өкүлдөрү, 2005-жылы болгон Анжиян көтөрүлүшүн  Каримовдун таш боордук менен басып таштоосуна актоо табат”, — деп белгиледи.
Мындай жол менен Кыргызстан Өзбекстандын басып киришинен толук бойдон жабыр тартышы мүмкүн. (Кыргызстандын парламентинин айрым мүчөлөрү  Ташкенттин коркунучун олуттуу түрдө кабыл алаарын кошумчаласак болот).   Ташкент  Дүйшөмбүгө каршы согуштук аракеттерди башташы да ыктымал. Тарыхта буга окшогон прецедент болгон. 2000-жылы Тажикстан Өзбекстанга таандык болгон стратегиялык жактан маанилүү, анча чоң эмес участокту ээлеп алган.
Белгилей кетчү жагдай эки мамлекет тең башында Россия турган аскердик союзга киришкен. Бир аз мурда Россиянын президенти Владимир Путин Евразиялык биримдиктин өзөгү жана дос мамлекеттер бекем геосаясий союз болуп калышы мүмкүн болгон Бажы биримдигин түзүү пландары жөнүндө билдирди. Кеңири аскердик альянстын бөлүгү болуп эсептелген аскердик базалары жайгашкан өлкөлөрдө Россия Дүйшөмбү менен Бишкекти коргоп чыгышы мүмкүн деп божомолдоого болот. Ошого карабай, Ташкент  чатак чыгып кетсе аскердик аракеттерге баардык мамлекеттер катышып кетеринен шек санап жатат. 2010-жылы кандуу улуттар аралык кагылышта Россия Кыргызстанга жардам бергиси келген жок. Россия ал тургай Бишкек жардам берүү тууралуу расмий өтүнүч менен кайрылган учурда дагы үндөбөдү. Бирок көптөгөн кыргыздар менен өзбектер россиялык тынчтыкты сактоочулардын келишине  бирдей эле кубанмак.
Бир аз мурда Тажикстандын Тоолу Бадахшан областында болгон кагылышууларда Россия бул борборазиялык мамлекетке жардам бериш үчүн кандайдыр бир кадамдарга барган жок. Мындан тышкары айрым тажик байкоочулары “Москва бул кагылыштарды Дүйшөмбү өзүнүн аймагына орус аскер базасын жеңилдетилген негизде калтырыш үчүн атайылап уюштурушу  мүмкүн”, — деп боолгоп жатышат.
Евразиялык биримдиктин дагы бир потенциалдуу мүчөсү Беларусия 2010-жылы элдик төңкөрүштүн учурунда бийликтен куулган Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге баш паана берген. Бишкек аны кылмышкер катары санап жана Кыргызстандын бийлигине өткөрүп берүүнү талап кылган, бирок Белорусиянын президенти  Александр Лукашенко кыргыз тараптын талабынан баш тартып, бул Бишкек менен Минскинин ортосундагы мамилелердин олуттуу чыңалышына алып келди.
Евразиялык биримдиктин потенциалдуу мүчөсү  болуп эсептелген Казакстандын президенти Назарбаев акыры жолу болгон сүйлөшүүдө Каримовдун согуш тууралуу айткандарын колдогон жок.
Жогоруда аталган себептерден улам Өзбекстан өзүнүн борборазиялык кошуналарына күч колдонушу мүмкүн. Мындай жол менен Өзбекстандын АКШ менен жакындашуу каалоосу анын жаңы колдоочу тапкысы келген каалоосу эмес, Тамерландын жаңы варинатын эске салгандай болгон Өзбекстандын курал алуу сыяктуу жөнөкөй умтулуусун көрсөтүп турат. Ал  дүйнөдө Америка менен Россиянын таасири менен чечкиндүүлүгүн жокко чыгара турган жашыруун  коркунучту түздү.
Ошондуктан бул коркунучтарды олуттуу кабыл алуу керек. Иш жүзүндө муну келечектеги ретроспективада мүмкүн болуучу согуштун башталышы катары кароо  зарыл.
Жалилов Шамил



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *