Флойд Мейвезер: «Ломаченко менен беттешүүгө шашылбайбыз»

Жарым жеңил салмактагы IBF чемпиону америкалык Джервонт Девистин промоутери, дүйнөнүн экс чемпиону кичүү Флойд Мейвезер жакынкы убакта WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону украмналык Василий Ломаченко менен Девистин урушун күтпөөнү билдирди.

— Мен мурун айткандай, биз эч кайда шашпайбыз,- деди Мейвезер. — Ломаченко шашуусу керек. Себеби ал отузга чыгып калды, ошондуктан шашылышы керек. Ал эми Девис болсо жаш, ошондуктан биз шашпайбыз.

Ошону менен бирге Мейвезер анын командасы бул беттешүүдөн качпагандыгын билдирди.

Шамил Карабала уулу




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *