Жалалабатты Чыйбыл бий шаары деп өзгөртсөк…

Сузактын Көк-Арт өрөөнүнөн чыккан белгилүү инсандардын бири Чыйбыл болуш Абдылла бийдин уулу 1846-жылы Калмак-Кырчында туулган. Басыз уруусунан . 1870-жылдары Анжиян уездинин Багыш болуштугун башкарган. Болуш болуп турганда жергиликтүү калктын таламын көздөгөн көптөгөн иш-аракеттерди жүргүзгөн. Орус бийликтеринин жергиликтүү элге болгон катаал мамилесине, айрыкча кыргыздардын семиз, сугат жерлерин тартып ала баштаган саясатына нааразы болгон. Анткени 1893-жылдан баштап Көк-Арт өрөөнүндө Борбордук Россиядан келгиндер көчүп келе баштаган. Бир-эки жыл ичинде Архангельск, Спасовка, Гавриловка, Николаевка (азыркы Окябрское), Михайловка, Дмитровка, Благовещенск деген ири орус поселоктору пайда болгон. Көп өтпөй келгиндер кыргыздарды сүрүп Жыгач-Коргондо, Кыз-Көлдө, Кара-Алмада, Үч-Малайда да өз поселокторун пайда кылышкан. Буга чейин орустардын келишин жакшы кабылдап, кызмат кылып колдоо көрсөтүп келген Чыйбыл болуш, эми жер сууларын орустар шыпырып алып, өздөрүн тоо таштарга сүрө баштаганда нааразы боло баштаган. Чыйбыл болуш эмне үчүн адегенде ар орустар менен жакшы мамиледе болуп кызматташкан? Себеби Кудаяр хандын адилетсиз чечими менен атасы Абдылла бийдин башы алынган. Кудаяр хан кыргыздардын аны кетирип башка хан шайлайбыз дегенине өчөшүп, адегенде Кокондо 40 бийди, андан кийин Базар-Коргонго 9 бийди топтоп туруп башын алып салдыртат. Баштарды торбого салышып Кокон шаарына алып кетишет. Себеби кыргыздар Кудаяр канды кулатып, ордуна башканы коюуга аракеттенген. Абдылла бийдин башы да Ак-Тайлак мүрзөсүндө коюлган. Абдылла бий Кокон хандыгынын тушунда Тогуз-Торо жана Көк-Арт аймактарынын бийи болгон. Болгондо да кадыр-барктуу бийлерден деп эсептелинген. Журтка да кайрымы жакшы болгон. 1876-жылы Кокон хандыгы жоюлуп, орус бийлиги элди эптеп өзүнө каратып алуу максатында башы алынган 40 бийдин бала-чакаларына кунун төлөп берүү үчүн чакырат. -Абдылла бий атаңардын куну үчүн эмне сурайсыңар?-деп орус бийликтери сурашса, Чыйбыл тайманбай туруп: — Атамын байлыгын жана бийлигин бергиле,-деп сураган экен. Орус бийликтери макул болуп бийлигин жана байлыгын бериптир. Чыйбыл Көк-Артка, бир тууганы Нусуп Тогуз-Торого болуш болуптур. Ошентип жаш, курч Чыйбыл атасынын канын кунун орустардан сурап, болуш болуп алардын колдоосу менен байыган. Ошон үчүн ага айрымдар “орустардан ата бийлигиңди, ата байлыгыңды, ал турсун артыңдан орустарды ала келдиң” деп ачык айта баштаган. Ушундай жагдайлардан улам ачуу чындыкты мойнуна алып Чыйбылдын орустарга нааразылыгы күчөп, каршы чыгууга аргасыз болгон. Чыйбыл болуштун өмүр-тагдыры, коомдук ишмердиги катаал, өтө карама-каршылыктуу… Адегенде орустар менен ымаласы жакшы болгон Чыйбыл 20 жылдан кийин орустардын баскынчылыгына нааразы болуп кыжыры кайнап, каршы иштерди жасай баштаган. 1895-жылы Чыйбыл болуш алыс-жакын жерлерден көп адамдарды чакырып молдо Рахматтулла экөө Ата Мекенден баскынчыларды кантип кууп чыгуу жөнүндө маселет курат. Мадали эшенди чакыртышат да аны башчы кылып шайлашат. 1896-жыл экинчи жолу Чыйбыл болуштун алдында чогулушуп, орус кыштактарына чабуул коюу боюнча акыл салышкан. 1897-жылы 15-майда Кетмен-Төбө, Арстанбап, Көгарт, Ош, Ноокат тараптан келишип көтөрүлүш боюнча сүйл=шкөн. Алардын арасында Чыйбыл болуш да болгон. Эки күн кеңешип, даяр эмес экенбиз деп кийинки жылга калтырып тарап кетишкен. 1998-жылы Көгарт болуштугунда дагы жыйын өткөрүлүп, Эшен ханды ак кийизге ороп хан шайлап, баш-аламан жол менен көтөрүлүш болуп, бирок тез эле көтөрүлүшчүлөр жеңилип калат. Анжиянга кирип барышып 24 орус солдатын өлтүрүшкөн. Бирок мында Чыйбыл болуш даяр эмес экендигин айтып кат жазган. Бирок ал кат Мадали эшенге жетпей калат. Андан кийин Фергана областынын аскер губернаторунун башчысы Чайковский 250 куралды аскери менен Миң-Дөбө айылына айыпсыз элди кырып салышкан. Чыйбыл болуш Эшенге 250 адамды аттандырып жана куралдандырып жөнөткөн соң, өзү калган колун уюштуруп, Николаевка (Октябрь) жана Михайловка, Дмитревка орус поселокторун басып кирүү, аларды талкалоо аракетин жасаган. Бирок эмнегедир толук баса алышкан эмес. Анжияндагы көтөрүлүштө жеңилип калышы да себеп болсо керек. Орустардын аяёосуз жазалап, Мадали эшен турган Миң-Дөбө айылы, Тажик, Кутчу сыяктуу бир нече кыштактарды тыйпыл кылганын угушкан сон, Чыйбыл болуш өз кыштактарын бекемдөөгө, коргоого элди чакырган. Бир топ жигиттер Чыйбыл болуштун айланасында бекем баш кошуп турушкан. Чыйбыл болуштун кээ бир жан күйөрлөрү жышырын Көгарт ашуусун ашып, андан ары чыгышка карай бет алып Чыгыш Түркстан тарапка баш калкалап кетүүнү же Өзгөн, Кара-Кулжа багыты менен байкатпай Алай тарапка өтүп, андан ары Кашкар тарапка өтүп кетүүнү сунуш кылышты. Бирок Чыйбыл болуш өзүм качып кетсем, Көгарт болуштугунун айылдары не болот, деп макул болбой койгон. 1897-жылы жазалоочу отрядды Фергана аскер-губернатору Чайковский өзү баш болуп Көгарт болуштугуна алып келди. Колдорунда союл, шал кэтме, куу найза, камчыдан башка куралдары болбосо да Чыйбыл болуш — атышты, чабышты, өлгөндөр жаракат алгандар болду. Бирок куралдуу аскерге тең келе алышкан жок. Кыргын болуп кетишининен чочулаган Чыйбыл орус солдаттарынын алдына өзү келип атынан түшүп берди. Ошентип Чыйбыл болуш Анжиян көтөрүлүшүнө түздөн түз катышууга үлгүрбөсө да, көтөрүлүштү даярдоого жигердүү катышкан деген күнөө менен Россиялык согуштук талаа соту тарабынан соттолуп, өлүм жазасына өкүм кылган. Кийинчерээк өлүм жазасы көп жылдык сүргүн менен алмаштырылып, Сибирге айдалган. Элдин үшүн алыш үчүн Жалал-Абад шаарындагы губерниялык сотко алып бара жатканда анын колу-бутун байлашып, эки кулагы эки мык менен тактага кагылып, арабага чалкасынан жаткырып, эл арасынан алып өткөн. Сибирде жүргөн убагында Токтогул менен жолугушкан, Ал 1908-жылы Сибирде каза болгон.

Ал белгилүү акын Токтогул Сатылганов менен чогуу болгон. Ал Чыйбыл болуш тууралуу ырларында эскерип айтып кеткен. Чыйбыл болуш куш учуп жете алгыс Сибирге жөө айдалып баратып, жолдо каза табат. Бул жөнүндө аны менен бирге кеткен Токтогул сүргүндөн качып келгенинде билдирет.

Көрдүң бекен, Токтогул, Көкарттан кеткен Чыйбылды? Күмүш боолуу туйгунду?– деген Эшмамбет акындын суроосуна Токтогул: Көрүп жүрдүм өлгөнчө, Көкарттан барган Чыйбылды.

Айдалып кетип баратып, Жолдо калды өлгөндө. Жору, кузгун жеди окшойт, Адам чыкпай көмгөнгө,– деп жооп берген экен.

Калмак-Кырчын айылына кире бериштеги жолдун сол жагында дагы эки чакан жаңы күмбөз турат. Булар бир кылым мурда Көкарт жана Тогуз-Торо өрөөндөрүн бийлешкен бир туугандар: Нусуп, Чыйбыл жана Чыйбылдын уулу Жоробек болуштарга эл-журтунун койгон эстеликтери, 1993-жылы Курманбектин күмбөзү менен бирге тургузулган. Он сегизинчи кылымдын аягында он тогузунчу кылымдын башында Көкарт өрөөнүнүн башкаруучуларынын династиясын түзүшкөн Абдылда бий, анын уулдары Нусуп менен Чыйбыл болуштар жана Чыйбыл болуштун уулу Жоробек болуш жөнүндө уламалуу кептер ушул күнгө чейин үзүлбөй, улам кийинкилерге сабак болуп айтылып келатат. Көөнө тарыхы жоопкерчилик менен өткөн элибиз бийлик ээлерин пир тутпастан, намыска туулган, эл үчүн башын канжыгага байлаган эр жигиттерди бийик көрүшүп, аларга өлбөстүк берип, арбагын түбөлүккө сыйлашат. Чыйбыл болуш да өз доорунда арстан жүрөктүгү менен даңкы чыккан жана өмүрү оор сыноолорго туш болгон татаал тагдырдын ээси. Алтын башы ардакталып, аруу жуулуп, ак кепинделип көмүлбөй, ай– талаада азап тартып өлгөн Чыйбыл болушту, анын көк жал кайратын көкарттыктар унуткан жок. Ата-бабадан мураска калган ыйык жерди, рухун жат буттарга тебелеп-тепсетүүгө абийири чыдабаган намыскөй мырзанын денеси бөтөн жерде, бөтөн элде калса да, жүздөгөн жылдар бою унутулбай элдин жүрөгүндө бийик, сыйлуу болуп жашады. Бирок Москвага көз каранды мезгилде ал жөнүндө ачык айтылбай келген. Октябрь революциясы жеңгенден кийин Чыйбыл болуштун эл- журтуна кадыр-баркы эске алынганбы же атасын тартып өткүрлүгү, иш билгилиги менен жакканбы жаңы бийлик Көкарт өрөөнүнүн башкармалыгына Чыйбыл болуштун уулу Жоробекти коюшат. 36-37– жылдарга чейин эл бийлеген Жоробектин тагдыры да аталарындай эле кайгылуу бүттү. Репрессия башталганда бий уулунун тукуму катары айыпталып камакка алынгандан кийин анын өзүн турмак сөөгүн да эч ким көргөн жок. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары улуттук өзүн өзү таануунун күчтүү толкуну эң биринчи эл баатырларын эстетти. 1993-жылы Курманбектин күмбөзү тикеленгенде эл-журттун эс тутумунда жүрүшкөн эки бир тууган Нусуп, Чыйбыл, Жоробек болуштарга да куран окутулуп, аларга эстелик тургузулду. Нусуп көз жумаарда «Мени жолдун үстүнө койгула» деп керээз калтырган экен. Ошол учурдагы шартка байланыштуу бул өтүнүчү орундалбай, Калмак Кырчын айылынын жолдун төмөн жагында жайгашкан жалпы көрүстөнүнөн жай берилет. Журт башчынын керээзи эгемендүүлүк жылдары гана ишке ашты. Анын мүрзөсү кайрадан кан жолдун тоо этектеген дөң жагына которулуп, эстелик тургузулду. Эстеликке үчөөнүн: Нусуп менен кошо эле Чыйбыл жана Жоробек болуштардын ысымдары да жазылды. Көгарт өрөөнүнүн эли өз баатырларын, чыгаан инсандарын унутушпай, ар убак алардын эрдиктерине, иштерине таазим этип, урматтай билишет. Мындай чыгаандардан бүгүн да уучтары кур эмес, эртеңкиге да үмүттүү карашат. Учурда Чыйбыл болуштун урпактары атын калтыруу үчүн аракет кылып келет. Алар 15-16-жылдан бери Жалал-Абад шаары учурунда Чыйбыл болуштун карамагында турганын айтышып, ошон үчүн ага эстелик тургузууну бийликтен сурап жатышат.

Шамил Карабала уулу




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *