А. Салымбеков: Алгачкы махабатым болгон Гүлмира мен үчүн ɵмүрлүк жар эле эмес, бардык тармакта кеңешчим, жан жана жолдошум эле

«Ажал улук, ажал бийик экен. Кайдан келсек, кайрадан кайтып барчу күн дагы келет экен. Кечээ, 45 жыл бирге түтүн булатып, уул-неберелерибизди тарбиялаган жубайым Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановнаны акыркы сапарга узаттык. Алгачкы махабатым болгон Гүлмира мен үчүн ɵмүрлүк жар эле эмес, бардык тармакта кеңешчим, жан жана жолдошум эле 17 жашымдан баштап бирге ɵткɵргɵн студенттик күндɵрүбүз, баш кошуп үй бүлɵ куруу жана канчалаган коомдук иштерге чейин бир баскан жолдорубуз түбɵлүк эсте калды. Сүйүктүү жарым Гүлмира үй-бүлɵ, илим-билим жана маданиятта кылган иштеринин үзүрүн кɵрчү убакта бизден айрылып кетти.
Асылым түбɵлүк жашооң жайлуу, топурагын торко болсун! Сенин элесиң биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашай берет.
Өмүрлүк жубайым Гүлмиранын мезгилсиз дүйнɵдɵн кайтканына байланыштуу биздин кайгыны тең бɵлүшкɵн ага-тууган, дос-тааныш, кесиптеш, жакын-санаалаш жана бардык мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бардыгыңыздарга аманчылык, ден соолук жана бакубатчылык тилейбиз» — деген оюн белгилүү ишкер Аскар Салымбеков өзүнүн  Фейсбук баракчасына  эскерүү менен жазган.




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *