«Ата Мекен» фракциясынын шайлоону эрте өткөрөлү деген демилгеси колдоого арзыйбы?

 — «Ата Мекенчилердин» президенттик шайлоону өткөрүү күнүн эртелетип белгилебесек, кокус шайлоо эки тур менен өтө турган болсо, президент мөөнөтүнөн ашык отуруп калып, Конституция бузулат деген маселе көтөрүштү.  Буга кандай дейсиз?

 

Эмир Сарпашов, продюсер:

«Ата Мекенчилердин» айла жок элдин назарын буруш үчүн жасаган амалы»

-Мен ойлойм  бул «Ата Мекенчилердин» айла жок элдин назарын буруш үчүн жасаган амалы. Бир тур болобу эки  тур болобу бир Кудай билет. Конституция бузулса бузулсун, Кудай алдында чындык бузулбасын.

 

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер:

“Президенттик шайлоону белгиленген күнүндө өткөрүшүбүз керек”

-Президенттик шайлоону  ар бир партия каалаган датасын белгилеп, ошол күнү өтүшү керек десе,  анда баш аламан болот го. Алты жылдан бери  жалаң  Парламенттик башкаруу деп отуруп, өнүккөн жокпуз, бири бирин чукулап эле отурушат. Менимче атамекенчилер көтөргөн  маселе ишке ашпайт. Анткени Президенттик шайлоо күнү белгиленген. Ал бул дебей ошондо эле өткөрүшүбүз керек.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

“Атамекенчилер бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышат”

Эми “Ата Мекен” эмне кыларын билбей калып, бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатат да. Атамекенчилердин ойу бул кыргызтан элинин ою эмес да. Шайлону айтбай мародерлукка жооп бериш керек. Бирок, ага карабай эле булар бир туруп учак бойунча масселе көтөрөт. Бир туруп шайлоо жөнүндө сүйлөшөт. Канча аракет кылышса да мурункудай ишенимин жоготушкан. Ошон үчүн элдин башын айлантпай жөн эле отура беришкени оң. Шайлоо буюрган күнү болот.

Алга Кылычов, коомдук ишмер:

“Баш мыйзамды өздөрү одоно бузуп жатышат”

-Бул жөн гана шылтоо. Алар тескерисинче баш мыйзамды өздөрү одоно бузушуда. Дүйнөлүк практикада шайлоо 1 турдан 3 турга чейин болгон учурлар кездешет. Баш мыйзамда жазылгандай шайлоодо утуп келген жаңы президентке мөөнөтү аяктаган президент мыйзам чегинде шайлоонун толук жыйынтыгы менен өткөзүп беүүсү абзел…

Перизат Рысманбетова




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *