Жолдошбек Токоев, журналист: «Баардык мыйзамдардан Конституция үстөмдүк кылуусун көздөшүбүз керек»

 

-Баягы эле Жогорку Кеңеште президеттик шайлоо тууралуу чыр болуп жатканын баамдап жатам. Бул маселе боюнча ушул күздө болуучу өлкө башчысын шайлоонун мезгилин Борбордук Шайлоо комиссиясы жана президеттин аппаратынын юридикалык бөлүмү 2011- жылы парламент тарабынан кабыл алынган “КР президетин шайлоо тууралуу мыйзамынын” негизинде “президеттик шайлоо күнү 2017- жылдын 19-ноябрында болот” деп билдирди эле. Ал эми парламенттеги “Ата Мекен” жана “КСДПнын фракцияларынын айрым депутаттары “жок андай болбойт, президеттик шайлоо 2017 жылдын 27- август күнү өтүш керек, эгер шайлоодо 2-тур болуп калса анда А. Атамбаевдин мөөнөтү 6-жылдан өтүп кетет” деп чырылап чыгышты. Тилекке каршы өйдөтө айтылган “КР президентин шайлоо тууралуу мыйзамда” “президенттик шайлоо ноябрь айынын  үчүнчү аптасынан жекшемби күнү өтөт” деп жазылып бул мыйзамга КР Жогорку Кеңештин V чакрылыштагы “Ата-Мекен” фракциясы, фракция жетекчиси Ө. Текебаев да добуш берген экен. Бул мыйзамда айтылган “үчүнчү апта” дал 2017- ж. 19-ноябрь болот.

Андан бери, 6 жыл өтүптүр, “Атамекенчилер”  президенттик шайлоонун 2 туру тууралуу ал кезде ойлобой калышса да 6-жыл бою эмне эстешпеди же уктап жатышканбы?

Дагы бир маселе мындай. Болуптур, “Атамекенчилер» айткандай парезидеттик шайлоону 2017 -жылдын 25 -августуна койсо, шайлоо бир эле тур менен бүтүп калса “КР президетин шайлоо боюнча мыйзамга” ылайык анда КР БШК  Конституциялык Палатанын кортундусу менен жаңы шайланган президет 30 күндүн ичинде, тактапганда 2017- жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңештен ант алып кызматына киришиш керек. Мындай болгондо азыркы ажо А. Атамбаев президеттик 6 жылдык мөөнөтүнөн 2 ай эрте кетет деген кеп. Бирок Конституцияда “президеттин мөөнөтү 6 жыл” деп так жазылып турат. Менин оюмча баардык мыйзамдардан Конституция үстөмдүк кылуусун көздөш керек.




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *