Мирсулжан Намазалиев: «Дагы эки окуучуну машине коюп кетти! Бийликтен өзгөрүүлөрдү талап кылабыз!»

Активист, коомдогу окуяларга кайдыгер карай албаган Мирсулжан Намазалиев, фейзбуктагы баракчасына буларды жазды. «Бишкекте дагы эки окуучуну машине коюп кетти. Балдар ондогон метрге учуп барып түшкөн, сумкалары бир жерде, бут кийимдери экинчи жерде жатат. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Көп өтпөй жол кырсыгына шектүү мындан эки жыл мурда да бир адамды коюп кетип, анын өлүмүнүн себепчиси болгону аныкталды.

– Эмне үчүн бул адам эркиндикте жүргөн жана жазасын алган эмес?
– Эмне үчүн биз балдарыбыздын жана жакындарыбыздын өмүрү үчүн кооптонуп турабыз?

Өткөн жылы эле жол кырсыктары 128 (!) баланын өмүрүн алып кеткен. Ал эми соңку он жыл ичинде миңден ашуун бала өмүрү менен кош айтышкан! Балдар жабыркаган жол кырсыктарынын саны бир жылда 10% өскөн! Жыл сайын 1000-1200 кыргызстандык жолдо жан берүүдө! Адамдарды согуш маалындагыдай жоготуп жатабыз, ал эми бийлик чара көргөн жери жок.

Ооба, буга биз – жарандар да күнөөлүүбүз! Биз мамлекеттен өзүнүн БАШКЫ функциясын – адамдардын коопсуздугун камсыздоосун талап кылбай калдык. Ушуну менен бирге узун кортеждер жана жолдорду тосуу менен аткаминерлердин коопсуздугун камсыздоо – бул кадыресе көрүнүшкө айланып калды.

Силер – президент, төрага, премьер-министр жана Жогорку соттун төрайымы чечкиндүү түрдө жөнөкөй кадамдарды жасашыңарды биз – Кыргызстандын жарандары талап кылабыз. Эгерде силердин эксперттериңер кырдаалды жеткире албай жатса, анда муну ушул кат менен биз жеткирели.

– Эркиңерди көрсөткүлө – муну менен силер биздин жана өзүңөрдүн балдарыңардын, неберелериңердин өмүрүн сактап каласыңар!
– Силердин аракетсиздигиңер жыл сайын жүздөн ашык балдардын жана миңден ашык адамдардын өмүрүн алууда!

2016-жылдын 1-августунда президент Алмазбек Атамбаев “Коопсуз шаар” маселеси ИИМден да жогорку деңгээлде чечилишин жеке көзөмөлүнө аларын билдирген. Андан бери 8 ай өттү.

Урматтуу мамлекетибиздин жетекчилери!

Коррупционерлер жана кылмышкер айдоочулар – бул бузулган системанын кесепеттери гана болгонун жакшы билесиңер. Бул системаны бир нече жыл мурда эле өзгөртө алмаксыңар, бирок азыр да кеч эмес!

Биз мындан ары жаңы убадаларды, шайлоолорду же атүгүл өкүнгөн маанайдагы сөздөрдү күтүп отура албайбыз. Статистиканы келтирели:

– Чара көрүлбөгөн ар бир күн – бул жол кырсыгында ҮЧ кыргызстандыктын өлүмү.
– Чара көрүлбөгөн ар бир апта – бул жолдордо ЭКИ баланын өлүмү!
– Чара көрүлбөгөн ар бир ай – бул 100 кыргызстандыктын өлүмү!

Биз алты айдын ичинде төмөнкүдөй кадамдарды жасоону силерден талап кылабыз. Алты ай – мындай тапшырмаларды аткаруу үчүн өтө эле жетиштүү мөөнөт!

1. “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилсин, аны менен катар Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөлөрдө жол кыймылынын эрежелерин тартып алган камералар иштесин:

– Биринчи айдын соңуна чейин тартип бузууларды тартып алчу камераларды орнотуп, интеграциялап, тейлей турган компания тандалып алынсын.

– Алты ай соңуна чыкканга чейин байкоочу камералар пилоттук режимде эмес, толугу менен өлкө боюнча иштеши керек. Бул болсо эреже бузган айдоочуларды тартипке келтирет!

Баарыбыз билгендей, бул иштер бюджеттен акчаны талап кылбайт. Анткени жергиликтүү да, чет өлкөлүк да компаниялар бул ишти колго алуу ниетин билдиришкен. Алардын айрымдары 50 млн. еврого чейин инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү бар болгонун ырасташууда. Бирок аларга силердин саясий эркиңер керек. Бирок бул жок.

2. Коомго кызмат кылган патрулдук полиция ишке кирсин:

– Биринчи айдын соңуна чейин Ички иштер министрлигиндеги олуттуу реформалар тууралуу коомго ачык жарыялансын, ПМББнын бардык кызматкерлери штаттан чыгарылсын жана жолдор менен көчөлөрдө коопсуздукту комплекстүү камсыздоо үчүн толугу менен жаңы патрулдук полиция конкурстун негизинде тандалып алынсын.

– Алтынчы айдын соңуна чейин мыйзамдарды билген, сылык-сыпаа, атайын текшерүүдөн өткөн жаңы кызматкерлер алынган жаңы патрулдук полиция ишке кирсин. Жаңы кызматкерлер машинелер жана кепилдиктер менен камсыздалууга тийиш. Алардын арасында патрулдук милициянын азыркы курамындагы талаптарга жооп берген жана сынактан өткөн мыкты кызматкерлер болушу мүмкүн. Негизгиси – толук айкындуулук, коомго ачыктык болуп, калктын аларга карата мамилеси оң жагына өзгөрүшү керек. Мындан улам бийик даражалуу аткаминерлердин кортеждерин эмес, карапайым адамдардын коопсуздугун коргоо алардын милдети болууга тийиш!

Ар бир жолу аталышын өзгөртүп келесиңер – МАИ, ЖККББ – ПМББ. Бирок маңызы өзгөрбөй жатат. Паракорчулук кала берүүдө. Ар бир жаңы ички иштер министри кыска мөөнөт аралыгында укмуштуудай реформаларды жасай алган Эстония, Грузия жана башка өлкөлөрдө болуп келген. Алар баарын билишет, бирок эч кимиси реформа жасоого билек түрө кирише албады.

3. Айдоочу күбөлүгүн берүүдө ачык-айкындуулук камсыздалсын:

– Биринчи айдын соңуна чейин күбөлүктүн берилишине толук мамлекеттик жана коомдук көзөмөл камсыздалсын. Белгилүү бир санда жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырып, башынан күбөлүк алууга милдеттүү болору жарыялансын.

– Алтынчы айдын соңуна чейин белгилүү бир мөөнөт ичинде бир нече жолу жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн жол кыймылынын эрежелери боюнча экзаменди кайра тапшыруу маселеси системалуу жолго коюлсун. Ушул эле нерсе коомдук транспорттун айдоочуларына да тиешелүү болот – эгерде алар белгилүү бир санда жол эрежесин бузса, анда коомдук транспортту айдоо укугунан ажыратылышы керек. Башкысы: айдоочу күбөлүгүн берүү жана кайра берүү системасында коррупция жана “акыга күбөлүк алуу” көрүнүшүн толугу менен жок кылуу керек!

Биз баарыбыз билгендей, көпчүлүк айдоочулар күбөлүктү сатып алышат. Жаңы эле машинеге отурган айдоочулар окуудан өтпөстөн руль кармайт. Күбөлүктү аларга ким сатат? Маморгандар, аны менен катар МКК. Эгерде бул органдарда коррупцияны жок кыла албасаңар, анда паракорчулукту мамлекеттин ичинде кантип жоготосуңар? Бул үчүн саясий эрк талап кылынат!

4. Соттор коррупциялык чечимдери үчүн жеке жоопкерчилик алышы керек:

– Биринчи айдын соңуна чейин Жогорку соттун төрайымы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыктарын өзүнүн жеке көзөмөлүнө аларын жарыялашы керек. Мындан ары бардыгы коомго ачык болушат, жыйынтыктары ММК аркылуу маалымдалат.

– Алтынчы айдын соңуна чейин жол кырсыгы жана жол эрежелерин бузуу боюнча каралган иштерге байланыштуу соттордун чечими тууралуу ай сайын отчет берилүүгө тийиш. Аны менен катар тараптардын сотко жеткирбей өз ара чечишип алганы тууралуу ачык айтылыш керек.

Коррупциялык сот системасы – жолдордо эреже бузгандардын жазасыз калып жатканынын өзөктүк себептеринин бири. Биз Жогорку соттун төрайымынан кырдаалды өзгөртүү боюнча жигердүү чараларды көрүшүн талап кылабыз.

5. Аткаминерлердин жоопкерчилик маселесин чечүү зарыл:

– Биз КР ички иштер министринин жана күч блогу боюнча вице-премьер-министрдин кызматтан кетүү маселесин алардын жана өзүңөрдүн абийириңерге койдук.

Биз эмне үчүн министр патрулдук милиция системасында жана жалпысынан ички иштер органдарында реформаларды жайылтуу боюнча өз программасын ушул күнгө чейин ачык жарыялабай келатканын түшүнө албай турабыз. Жарандарыбыздын өлүмү үчүн жоопкерчиликти ким алышы керек?

Бизге чоң концерттер жана фестивалдар өңдүү оюн-зоок менен күлкү гана керек деп ойлобогула. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттин башкы функциясын аткарасыңарбы же жокпу – бизге ушуну билүү маанилүү. Биз 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны аткарганча жакындарыбыздын өмүрү жана саламаттыгы үчүн тынчсыздана беребизби – ушуну билгибиз келет.

Бул кайрылууга кимдер кол коюуда?

Биз талаптары аткарылбаса, митинг өткөрөбүз деп коркуткан саясатчылар эмеспиз. Биз – ата-энелер, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, активисттер, журналисттер, башкаруучулар, студенттер, дыйкандар, жөө жүргүнчүлөр, велосипед тепкендер – Кыргызстандын жарандарыбыз. Биз – салык төлөөчүлөрбүз. Коопсуздугубузду камсыздоо боюнча мамлекеттин иши бизди канааттандырган жок.

Бул ачык катка кол коюп жатып, коопсуздугубузду камсыздоо боюнча бийликтин иш-аракеттери жана аракетсиздиги тууралуу бардык жарандарды маалымдап турууга милдеттенебиз.

Урматтуу мекендештер, ушул ачык катка кол коюп берүүңүздү өтүнөбүз.

«https://www.change.org/p/%D1%81%D0%BD%D0%BE%D0%B2%D0%B0-%D1…




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *