Карлыгач Сарногоева: «Арстан жүрөк эр Болот»

Карлыгач Сарногоева айтылуу алп акын Байдылда Сарногоевдин кызы. Атасындай элге, жерге куйгон, калыстыкты суйгон, чындык тарапта жургон, жонокой айым. Мына дагы калыстык учун ун катып олтурат. «Ата Мекен» партиясынын лидеринин орун басары Болот Шердин «мародерлукка кыйыр турдо тийешеси бар» деген созго такыр ишенбейт. «Болот Шердин

башына кыйын иш тушкондо колдой албай атам. Бир канча айдан бери денсоолук менен алышып келем. Болгон колдоом ушул ыр болсун. Бул ыр Бакиевдин бийлигинде жаралган. Анда да Бакиевдерге ачуу чындыкты айтып, бийлик менен катуу кармашкан Болот Шер менен Омурбек Текебаев болгон. Кайрадан бу бийликтен жалган жалаа менен запкы жеп тургандары зээнди кейитет. Кайдыгер карай албадым. Ошол ырды кайрадан жарыялап турум» дейт Карлыгач эже.

Ар дайым атам айтчу эле,
«Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күүлөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»
Атамдын ошол сөздөрүн,
Болотбек байкем жолдоду.
Каркыра сыздап турганда,
Жардамга эрлер жок болду.
«Коргойбуз!» деген бир гана,
Өмүрбек, Болот Шер болду.
Жардамсыз шордуу Каркыра,
Ажырап бизден жок болду.
Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Улутун сүйгөн Болот Шер,
Улутчул эмес, Патриот!
Болоттой Эрлер көбөйсө,
Бакубат жашоо тез болот.
Аман жүрсүн ар дайым,
Арстан жүрөк эр Болот!




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *