Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери соттолду: Адилеттүү кесилиштиби же бул ирет да чындык тепсендиде калдыбы?

Сот “бийликти басып алууга аракет жасаган”- деген шек менен камакка алынган оппозицициялык ишмерлер Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери  Кубаныч Кадыров менен Бектур Асановду  12 жылга көз карандысыз эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга үй мүлкүн конфискациялоо менен камакка алуу чечимин чыгарды. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов 4 жылга соттолуп, анын 3 жылы оозеки экени айтылып, сот залынан бошотулду. Бул чечимде адилеттүүлүктүн изи көрүнөбү?

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

“Так маалымат жок”

-Сот жабык эшик артында өттү. Анын чоо-жайын ал сотко катышкандар эле билбесе, калгандарыбызда так маалымат жок. Ошон үчүн ал соттун чечимине баа бериш кыйыныраак болот.

Касымбек Райымкул, адвокат:

“Бийликтин адилеттүүлүк, мыйзамдуулукка көңүл бурганы аба менен суудай зарыл

-Эмнегедир эл ушул убакта өтө кайдыгер болуп калган убагы. Оппозициядагы адамдардын сотунда өкүм чыгып жатканда, соттун жанында алардын бир туугандары эле турушуптур, анан кайдагы элдин нааразычылыгы жөнүндө сөз кылабыз. Бирок бул кайдыгарлик жакшылыкка алып келбейт. Анткени, элдин кайдыгерлигинен пайдаланып, бийлик элине каршы келген кадамдарга барып коюшу мүмкүн. Мисал катары айтсам,  Таластагы Жерүй кени 100 миллион долларга сатылып, экологияга терс таасирин тийгизип калышына карабай эл унчукпай олтурат. “Кумтөрдөй” болуп калганда кыйкырган кеч болуп калат да. Башка дагы көп мисалдарды келтирсе болот. Элдин кайдыгер болгонунун негизги себеби оппозицияда эл ишенген адамдардын жоктугу болуп жатат окшойт. Экинчиден, элге кандай болсо дагы тынчтык эле керек болуп тургандай. Мурда болуп жүргөн чоң оюнчулардын дагы Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү болбой жатат. Болбосо кырдаал башкача болуп кетмек. Тынчтык болуп турганы жакшы, бирок бийлик адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жакка көңүл бурганы аба менен суудай зарыл.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

“Бул иштерди Атамбаев өзүнүн бийлигин чыңдоо аракети деп түшүнбөстөн, коррупция менен күрөшү деп түшүнгөндөр да аз эмес

-Бул соттун өкүмдөрүнүн да эки жагдайы бар. Мисалы Бектур Асановду Облус башчысы катары, Убактылу Өкмөттүн башчыларынын буйруктарын аткаргандыгын эске албастан, Кадыров менен байланышта деп аны стадиондон сабап, башы жарылгандыгы туралуу көп эле Кыргызстандыктар билет. Калгандары да бир аз элдин эсинде калган терс иштери бар экендигин эстен чыгарбоо керек. Анан бул иштерди, Атамбаев өзүнүн бийлигин чыңдоо аракети деп түшүнбөстөн, коррупция менен күрөшү деп түшүнгөндөр да аз эмес. Азыркы оппозиция Маалымат каражаттарын азыраак пайдаланууда. Ал эми Атамбаевдин колунда ресурс да сыйлык да бар экен. Ал да бир жагдайлуу пикирди пайда кылып, аны жайылтууга өбөлгө түзөт. Бул адамдарды узак мөөнөткө кесилиши, эл алдында Атамбаев урулар менен, мамлекетке тынчтык калабаган мамлекет душмандары менен күрөшүп жатат деген жалганды жайылтууну максат кылып тургандыгы көр эмес адамдарга көрүнүп эле турат. Алдын ала эле, эл арасында бир аз авторитеттери солкулдай түшкөндөрдү камашты. Эми, эч бир каршылык кылбаса, Текебаевди да чоң мөөнөткө камоо өкүмүн чыгарышат деп ойлойм… Бул, мындайча айтканда, Текебаевди узакка олтургузунун генералдык репетициясы болушу мүмкүн…

Айбек Бусурманкулов, активист:

“Кыргыз мындай чечимдерге сынбайт. Тескерисинче курчуйт”

-Оппозиционерлерди болбогон шылтоо менен 12ден 20 жылга чейин камоо чечимин чыгарганы менен соттор бийликке толук көз каранды экенин далилдеди. Ал эми бийлик калган оппозиционерлерге кимиңер баш көтөрсөңөр силерди да камайбыз деген оюн билдирди. Бийлик акыркы аракеттери менен эл арасында өзү нааразычылык жаратып, элдин кыжырын келтирип  жатат. Негизи бийлик буларды сындырып. Ушундай чечим чыгарттык деп отурушса керек. Бирок, мындай чечимдерге  кыргыз сынбайт, кайра курчуйт. Адилеттүүлүк үчүн күрөш уланат. Бүгүн Б. Асановдун талапкерлери Жалал-Абадда жөө жүрүшкө чыгышты. Өкүнүчтүүсү, бийлик өткөндөн сабак албай, биринин артынан экинчи катасын кетирип жатат.

 

Булак, «Майдан кж»

 




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *